Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:53

КӨКАЛА МЕНЕН КӨКЧЕБИЧ


"Бабалардын мурасы" аттуу түрмөгүбүздө бул жолу сиздерге эр Чубактын Көкала, баатыр Сыргактын Көкчебич аттуу тулпарларынын сын-сапаттары тааныштырылат.

Эр Чубактын Көкала аттуу тулпары Саякбайдын тили менен айтканда "Эл өөдөгө тартканда бетеге араң толгондо, ат кара тил болгондо, Кайыбынан кабылган. Ач айкырык Чубакка белендүүнүн белинен, Эл барбастын жээгинен, тогуз жолдун тоомунан, эл баспастын оозунан, кулунунда табылыптыр".

Ал эми кунанында Көкала кур жүрүп, быштысында бычылыптыр. Астында ат, сураган адамга жат болот. Бирөөнүн көзү, тили тийет деп, башына үкү тактырып, ардактап бактырыптыр. Көкала тулпар айтылуу манасчы Саякбайдын айтуусунда мындайча сүрөттөлүптүр. Айтуучу жаш жомокчу Рысбай Исаков:
Колу коло болот деп,
Колот жерге үйрөткөн,
Кокустан ойноок болот деп,
Мойнуна чылбыр сүйрөткөн,
Адырга багып, тоого өскөн,
Бурулушка барганда,
Булуттай ыргып чуркаган,
Буудан жылкы экен деп,
Көргөн сынчы сураган,
Абайдын жабуу жаптырган,
Көзү ачык Кошой жактырган,
Эрге ылайык тулпар деп,
Атакеси Акбалба,
Берен Чубак уулуна
Энчилетип бактырган,
Ай караңгы бүркөдө,
Тоого минген Көкала,
Өпкө тешип, баш кескен,
Жоого минген Көкала,
Акбалта уулу мингенде,
Тартып оозун бурганда,
Жоо келсе найза сунганда,
Ак марал кууса уй кылган,
Азаптуу жоону буй кылган,
Атышка минген Көкала
Көркөмү кызык жаныбар,
Көрсөң кызык Көкала,
Кабыргалуу казан ат,
Калбыр өпкө, жез билек,
Көкүлү бөлөк, жалы алтын,
Каршы чыккан душманга,
Чубактан башка ким минет,
Баатырлар минчү буудан деп,
Кадырын бүткүл журт билет,
Мунун көркөмү мындай болучу, - делип баяндалат.

Сыргак баатырдын Көкчебичи (Көккызыгы) жүрөгүндө карасы жок шердин колуна кол, бутуна бут болгон чыныгы шериги, жоого минсе душманды жойлогон, байге чапса баш байгени бербеген, күлүктүн күлүгү экен.

Сагымбай Орозбаковдун айтуусунда Манас Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чаап, жар тандоочу чоң ат чабышта Көкчебич үчүнчү келет. Сыргак болсо ошол атчабышта Сыягүлдөй сулууга үйлөнөт. Көкчебич ээси Сыргак менен чоң казатта кытайдын көзгө атар мергени Кожожаштын огунан каза табат. Алп манасчы Саякбай Көкчебичтин жалпы турпатын, сымбатын төмөнкүдөй сүрөттөптүр. Айтуучу жаш манасчы Рысбай Исаков:
Эр Сыргактын Көкчебич,
Мүчөсүн көрсөң тептегиз,
Бу да тулпар, жел кайык,
Басканына мал жетпейт,
Желгенине жел жетпейт,
Чу дегенде тулпардын
Тулпардыгы билинген,
Көз жетпеген аң келсе,
Бура тартпай түйүлгөн,
Изин жаза баспаган,
Тайгаланбай бийиктен,
Такыр жери кем эмес,
Тоодо жүргөн кийиктен,
Бул жаныбар Көкчебич,
Телегейи тептегиз,
Чыканактап калбаган,
Чындап мүшкүл иш көрсө,
Чымчып өтсө чалбаган,
Өндүрдөп суусун албаган,
Мунарык күйгөн чок келсе,
Бурулбайт, тийген ок келсе,
Жалтанып шашып койбогон,
Сан колго Сыргак кол алса,
Булуттай учуп сойлогон,
Айлап, жылдап жүрсө да,
Чаалыгып, чарчап койбогон,
Душмандын жолун бүтпөгөн,
Жер жарылган дуу-дууда
Күндөп-түндөп күчөгөн,
Туу куйругун чубаган,
Тунук тулпар экен деп,
Чубут сынчы сынаган,
Алтын, күмүш артсак деп,
Асылып жатып сураган,
Ашка-тойго минсек деп,
Кылтылдатып жүрсөк деп
Арпа, чөпкө семиртип,
Ооздугун кемиртип,
Ээлендирип жулкунтуп,
Эки тизгин, бир чылбыр,
Алаканда карышып,
Учкан куш менен жарышып,
Минбей турган мал бекен,
Түнөктүү найза колго алып,
Кан төгүлгөн кагышта,
Берендер минер мал экен,
Бек сынчылар жактырган,
Берен Сыргак балага,
Бек жактырып бактырган,
Берениңдин Көкчебич
Белести чалып жоо билген
Белгилүү тулпар Көкчебич, - делип сыпатталыптыр.
XS
SM
MD
LG