Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:15

Аба ырайынын бузулушуна байланыштуу Хантеңир чокусунун айланасында куткаруу иштерин жүргүзүү бүгүн үзгүлтүккө учурады. Чокуга чыгууга бет алган бир катар өлкөлөрдүн альпинисттери 5-августта кар көчкүдө калган. Алардын арасында набыт болгондор жана дайынсыз жоголгондор бар.

Хантеңирдин чокусунда куткаруу иштерин координациялап жаткан Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин оперативдик башкармалыгынын жетекчиси полковник Сергей Степановдун 7-августтагы билдирүүсүнө караганда, аба ырайынын бузулушуна байланыштуу кырсык болгон жерде ишемби күнү куткаруу иштери жүргүзүлгөн жок. Андан сырткары 5-августтан бери Хантеңир чокусунун айланасында жаңыдан төрт ирет көчкү түшкөн. Степановдун айтымында, Хантеңир тоосун багынтууга аттангандардын саны дагы эле тактала элек.

“Аксайтревел” туристтик компаниясынан алынган маалыматка караганда, көчкү астында калып каза болгондордун саны 11 киши. Туристтик компаниянын кеңсесинен минтип кабарлашты:

- Каза болгондор: беш чех, 3 россиялык жана үч украиналык жарандар. Кырсык болгон жерде издөө иштери улантылып жатат. Биздин жетекчилик ошол жакта. Ал эми Хантеңирди багынтууга багыт алгандардын так саны бизде жок.

Бирок Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги каза болгондор жана дайынсыз жоголгондор саны өзгөрбөгөндүгүн билдирүүдө. Министрликтин оперативдик башкармалыгынын башчысы Сергей Степанов:

- Азырынча баары мурдагыдай. Каза болгондор алтоо, дайынсыз жоголгондор да алтоо, ал эми жарадар болуп ооруканага түшкөндөр экөө, - деди.

Анын айтымында, Хантеңирде куткаруу иштери менен түздөн-түз “Аксайтревел” туристтик компаниясы алектенүүдө. Аларга россиялык 27 куткаруучу альпинист жана Кыргызстандын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери аба ырайы оңолсо эле көмөк көрсөтүүгө даяр турат.

Министрликтин Ыссыккөл облусундагы башкармалыгынан алынган маалыматка караганда, аба ырайынын бузулгандыгына байланыштуу кырсык болгон жерде кызмат кылып жаткан бир тик учак учпай турат. Ошондуктан Хантеңир чокусуна карай куткаруучулар автоунаада аттанууну көздөгөн. Бирок бара турган жер өтө алыстыгына байланыштуу ал жолго чыгышкан жок.

Такталбаган маалыматтар боюнча, Хантеңир чокусун багынтууга Чехия, Россия, Эстония жана Украинадан келген 50гө жакын турист-альпинист бет алган. Алардын жолун бууган алгачкы көчкү 5-августа таңга жуук жүргөн. Ошол мезгилде альпинисттер бийиктиги 7010 метр келген Хантеңир чокусунун 4 500чү метрине жеткен. Бул тууралуу “Азаттыктын” Ыссыккөлдөгү кабарчысына көчкүдө жабыркап, Каракол ооруканасына жеткирилген чех атуулу билдирген.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG