Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:38

ОРУСИЯДА ЧЫГЫШ ТААНУУЧУЛАРДЫН КОНГРЕССИ ӨТКӨНҮ ЖАТАТ


Муса Мураталиев, Москва Августтун үчүнчү аптасында Москвада чыгыш таануучулардын Бүткүл дүйнөлүк конгресси өткөнү жатат. Ага Азия жана Түндүк Африка элдеринен, Батыштан келген 2000ге чукул окумуштуулар катышмакчы. Арасында кыргыз илимпоздору да боло тургандыгы маалим болууда.

Маалыматтарда Чыгыш таануучулар эл аралык чогулушу 1873-жылдан бери өткөрүлө тургандыгы айтылат. Ар жолу ар башка өлкөдө өтүп турат экен. Эки жолу Орусияда өтүптүр. 1876-жылы Петербургда, ал эми 1960-жылы Москвада өткөн экен. Ошондуктан эл аралык конгрессти даярдап аткан топтун жетекчиси профессор Дмитрий Васильевге, биз ал кезде советтер өлкөсүнөн келген окумуштуулар кыйла болгон чыгар, азыркы тушта анын ордун баскыдай окумуштуулар чогулабы деген суроо жөнөттүк.

Энесай жазууларын окууга кыйла салым кошкон окумуштуу Васильев биринчи жообун Кыргызстан менен Казакстандан баштады:

- Биз бул жолу Казакстан менен Кыргызстандан кыйла арбын делегацияны күтөбүз. Ал тургай президент Акаевдин да келип, өзүм конгресстин ачылышына катышып кетем деген убадасы бар.

Форумга Орусиянын карамагында автономиялуу жумурияттар: Түндүк Осетия–Алания президенти Засохов, Калмакстан президенти Илюмжинов, Татарстан, Башкортстан президенттеринин өкүлдөрү, ошондой эле Якутия–Саха жумуриятынын биринчи президенти Николаев катыша тургандыгын белгиледи.

Албетте, эл аралык чогулуш болгондон кийин ат арытып, жол карытып келгендер кыйла эле болор деп турган элек - ошондой чыкты. Бул конгресске катышам деп кат жиберген илимпоздордун эсеби 2000ге чукулдап калыптыр. Алардын 800гө жакыны Батыш Европа менен Чыгыш өлкөлөрүнөн, калганы КМШ өлкөлөрүнөн. Алар, болжол менен алганда, 400гө чукул экен. Орусиянын алыскы булуң-бурчтарында жаткан элдер окумуштууларынын конгресске катышып жатканын профессор Васильев атайын белгиледи:

- Бул жолу бизде, алыскы аймактардагы, Тоолуу Алтай, Якутия, Тува, Хакасия сыяктуу автономиялардан өкүлдөр болушат жана алар жиберген тесизтерге караганда, абдан мыкты докладдарды жазашканы атышат, ушул бизди кубантат.

Чыгыш таануу эл аралык конгресси буга дейре 36 жолу өтүптүр. Аны жалпы жетектей турган башкы уюм Париж калаасында экен. Ар бир конгресс учурунда анын жаңы жетекчиси шайланып, келерки жолу кайсы өлкөдө жыйын өткөрүлөрү такталат экен. Бизди кызыктырган жагы - бул олтурумда кандай маселелер тегерегинде кеп болору. Ага жооп айткан Дмитрий Васильев алдында жаткан тезистердин тарамдарын санап, окуганга өттү:

- Бул тил илими, тарых, экономика, руханий дүйнөгө таандык философия, диний маалымат, өнөр. Ошондой эле, этносоциалдык антропология боюнча жасалуучу докладдар абдан көп. Саясий маселе боюнча, эл аралык катнаш, экология боюнча кептер бар. Чыгышты таануу боюнча жаңы технологияны пайдалануу тобу бар. Чыгыш таануу боюнча билим берүүнүн атайын секциясы бар. Алардан сырткары, музейлер, архивдер, китепканалар маселесинин секциялары бар.

Бул жолу ЮНЕСКО демилге көтөрүп, талкууга алганы жаткан маслет – Улуу жибек жолу болот экен. Маселен, Улуу жибек жолунун жээгине курулган кербен сарайлардын эсебин алып, аларды каттоодон өткөрүү.

Чыгыш таануу билими 19-кылымда, дегинкиси, Батыш өлкөлөрүндө өнүккөн. Анын бири Орусия болгон. Азыркы тушта Чыгышты таануу Кытай, Жапон, Индия, Түркияда абдан катуу дүркүрөп өнүгө баштаган кези дешет. Ошол себептүү аталган мамлекеттерден абдан көп делегациялар келгени жатыптыр.

Баса, Бүткүл дүйнөлүк чыгыш таануу конгрессинин 38чи отуруму келерки жылы Анкарада өтөт деген имиш бар. Ал үчүн быйыл Түркия расимий түрдө конгресс алдында билдирүү жасайт экен.
XS
SM
MD
LG