Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:10

МӨҢКӨ-ТЕМИР ХАНДЫН БАЯНЫ


Кыргыз тарыхынын азыркыга чейин аныкталбай келаткан ак тактары арбын. Арийне, алардын бири Мөңкө-Темирдин өмүр таржымалы экендиги талашсыз.

Тарыхты тарых кылган эл болсо, элди ошол тарых айдыңына жол баштап элестүү из калтыргыдай саясат жүргүзгөн тарыхый инсан болот. Кыргыз тарыхында бүгүнкүгө чейин татыктуу ордун табалбай келаткан инсандардын бири Мөңкө-Темир хан экендиги талашсыз.

Мөңкө-Темир хан туурасындагы маалымат кытай жазма булактарында камтылгандыктан, ал түгүл анын ысмы Угэчи кашка, Гуйличи деп ар башкача жазылгандыгына байланыштуу кыргыз тарыхы үчүн барандуу орду бар инсандын ким экендиги такталбай келген.

ХХ кылымдын соңунда барып таланттуу кытайтаануучу Таалайбек Бейшеналиев Угэчи кашка, Гуйличинин бир адам экендигин, кытай авторлору Мөңкө-Темирди атайылап ар башка аталышта жазышкандыгын аныктап берди.

Кытайдын Мин доорунда жазылган маалыматтарга караганда XIV кылымдын соңунда Мөңкө-Темир такка келген. Чыгыш жазма булактарындагы даректерди салыштыруу жолу аркылуу Мөңкө-Темирдин бийлик мезгили 1399-1415-жж. туш келет деп белгилесек болот. Бул убакта ал моңголдор менен ойротторду баш ийдирип, күчтүү мамлекет кура алган. Кытай жана монгол жазма булактарында Мөңкө-Темирдин такка келиши мындайча кабарланат: "Эльбек-хан ойроттордун Хутхай-Тафу деген адамынын жардамы менен Ульдзейту-Гоа деген сулууга үйлөнөт. Ульдзейту-Гоа болсо Хутхай-Тафудан күйөөсүнүн өчүн алууну самап, ал жөнүндө ушак таратат. Каары кайнаган Эльбек хан Хутхай Тафтуну өлтүрөт. Эльбек хандын мындай жоругу кыргыздардын жолбашчысынын жана бир эле кезде ойроттордун анык башкаруучусунун кыжырын кайнатат.

Мөңкө-Темир токтоосуз кол жыйнап, душмандарды талкалап такты ээлейт. Мөңкө-Темир Чыңгыз хандын тукумунан болбогондуктан адегенде хандык бийликке чингизид эсептелген Эльбек хандын уулу Гун-Тэмурду көтөргөн. Кийин бир жылдан кийин, тактап айтканда 1400-жылы Мөңкө-Темир Гун-Тэмурду тактан кулатып, бүткүл бийликти колуна алат. Ал өлкөнүн мурдагы династиялык аталышы "Юань" деген атын өчүрүп, мамлекетине "Дадань" же татар деген жаңы ысым берген.

Мөңкө-Темирдин убагында кыргыз өлкөсүнүн аброю артып, Борбордук Азиядагы таасирдүү саясий күчкө айланган. Өлкө калкынын саны 40 миң үй-бүлөгө жетип, мамлекеттин ээлеген аймагы Энесайдан Батыш Монголияга чейин тараган.

Мөңкө-Темир өмүрүнүн акыр-аягына чейин кыргыз элинин кызыкчылыгын коргоп, касташкан ойроттор менен кагылышта өткөрдү. Анын саясий ишмердиги жана өрнөктүү өмүрү кыргыз тарыхында татыктуу ордун таап, жаштар үчүн үлгү болот деген ойдобуз.
XS
SM
MD
LG