Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:02

8-августка аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Синоптиктердин шашылыш билдирүүсү боюнча 8-9-август күндөрү тынымсыз жамгырдын жаашына байланыштуу тоолуу аймактарда жана тоо этектеринде сел жүрүшү күтүлүүдө.

8-августта Кыргызстанда ала-булут каптап турат, мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт, тоолуу өрөөндөргө кар түшөт.

Абанын температурасы:

ЧҮЙдө түнкүсүн +9…+14, күндүз +23…+28 градус.
ТАЛАС дубанында түнкүсүн +5…+10, күндүз +22…+27.
БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАД облустарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +25…+30 градус ысык.
ЫСЫККӨЛ ойдуңунда батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен жел жүрөт, абанын температурасы түнкүсүн +7…+12, күндүз +17…+22 градус.
Тоолуу НАРЫНДА түнкүсүн +9…+14, күндүз +19…+24.
БИШКЕК шаарында ала булут каптап турат, жаан-чачындын болушу күтүлбөйт, түнкүсүн +11…+13 градус, ал эми күндүз +25 градустан +27 градуска ысыйт.

Кыргызстандагы соңку жаңылыктарды Бурулкан Турдубек кызы, Аманбек Дилденбай жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG