Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:43

Акаевдин жаңы китеби басылууда


БИШКЕК. Москвадагы «Эл аралык мамилелер» басмасында Кыргызстандын президенти Аскар Акаевдин «Думая о будущем с оптимизмом» аттуу орус тилинде жазылган жаңы китеби басылууда. «Кыргызинфо» маалымат агенттигинин билдиргенине караганда, Акаев жаңы китебинде дүйнөлүк глобализация жараянын, дүйнөнүн азыркы чакырыктарын, өнүгүү жолоюн терең талдоого алат. Китептин мазмуну жандуу сүйлөшүүлөр, талаш-тартыштар, диологдор менен коштолот. Автор китебинде эл аралык саясат, дүйнөлүк деңгээлдеги орчундуу маселелер боюнча өзүнүн көз караштарын окурманга жеткирүү аракетин жасаган. Китепте президент Акаев Кыргызстандын тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттарды белгилеген. Алардын катарына Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюму, ШКУ, Жамааттык Коопсуздук Келишими уюму, Россия, Батыш, Азия өлкөлөрү менен кызматташтыгын кошкон. Аскар Акаев 1998-жылдан бери алты китеп жазган. Акыркы ирет 2002-жылы «Кыргыз мамлекеттүүлүгү жана элдик «Манас» эпосу», «Демократияны көздөй татаал жол» аттуу китептери чыккан.

XS
SM
MD
LG