Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:27

Пакистандын Карачи шаарында бомба жарылып, эки адам набыт кетти


Пакистандын Карачи шаарында бүгүн бомба жарылып, эки адам курман болду. Полиция өкүлү Манзур Мугалдын айтымында, бомба шаардын соода чөлкөмүндө жарылды: "Үч килограмга жакын колго жасалган бомба саат менен жарылган, жерде пайда болгон чуңкурдун тереңдиги 60 сантиметрге жетет. Көчөдө бараткан эки эркек адам набыт кетти, алардын бири - Рехмат деген айдоочу, экинчисинин аты Насер. Аман, Мунавар жана Назим Рашид деген үч адам жараат алды".

Акыркы айларда Карачиде бир нече жардыруу ишке ашырылды, май айында бир эле жардыруудан 48 адам өлгөн.

XS
SM
MD
LG