Линктер

жекшемби, 19-февраль, 2017 Бишкек убактысы 20:42

Ирактын премьер-министри бүгүн мунапыс жарыялады


Ирактын убактылуу премьер-министри Айяд Алави бүгүн майда кылмыш жасаган адамдарга мунапыс жарыялады. Анын дагы бир буйругу менен Катар мамлекетинде жайгашкан "ал-Жазира" сыналгысынын Багдад шаарындагы кеңсеси бир айга жабылат, анткени Ирак өкмөтүнүнү пикиринде, анын кээ бир көрсөтүүлөрү элди козутууда. Андан тышкары, премьердин айтымында, 15-августка дайындалган улуттук конференция өз мөөнөтүндө өткөрүлүүгө тийиш. Ал конференцияда - убактылуу өкмөттүн ишине көзөмөл сала турган улуттук кеңеш шайланууга тийиш.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG