Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:25

“Арнамыс” партиясынын лидери Феликс Куловдуy мөөнөтүнөн мурда боштондукка чыгуусуна байланыштуу чатак дале ырбап турат. Бийлик өкүлдөрү Кулов келерки жылы ноябрь айында чыгат десе, өлкөнүн Акыйкатчысы жана “Арнамыс” партиясы Кулов ушул тапта боштондукка чыгууга укуктуу деген пикирде. Маселеге чекит коё турган сот органдары болсо документтер толук эмес деген себеп менен ишти карабай келатышат.

Жергиликтүү талдоочулардын жана айрым саясий ишмерлердин пикиринде, “Феликс Кулов 2005-жылдын ноябрь айында шарттуу түрдө боштондукка чыга алат” деген Юстиция министрлигинин Жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын бүтүмүнүн өзүндө саясаттын башы кылтыйып турат. Анткени келерки жылдын ноябрь айына карай өлкөдөгү негизги саясий окуялар жыйынтыкталат. Башкача айтканда, 2005-жылдын февраль айында парламенттик шайлоо, октябрь айында президенттик шайлоо соңуна чыгат.

Натыйжада Феликс Кулов дагы беш жылга активдүү саясат майданына чыгуудан, эң негизгиси келерки жылдагы саясий окууяларга таасир этүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт. Ошондуктан Жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын эсебинен саясат көргөндөр арбын болууда.

Албетте, бийлик өкүлдөрү “Куловдун ишинде саясат жок” деген ойду ар дайым айтып берүүгө даяр. Маселен, ушул жумада Юстиция министрлиги “Слово Кыргызстана” гезитине ушундай мааниде маалымат жарыялады. Буга байланыштуу министрликке бир нече суроо менен кайрылганын “Арнамыс” партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев билдирди:

- Биринчи сурообуз, Куловдун өздүк ишинен аскердик сот 2001-жылы январда чыгарган өкүмүн ким уурдап алды? Экинчиси, эмне үчүн №19 колониянын администрациясы Куловдун арызы боюнча токтом чыгарбай, кат түрүндө эле жооп жазууда. Бул деген мыйзамсыз экенин алар эң жакшы билип туруп эле ошондой жооп берип жатышат. Үчүнчүсү, Сокулук райондук сотуна колониядан жиберилген материалдар кандай жолдор менен Жаза өтөө мекемелелер башкармалыгында болуп калды? Төртүнчү, эмне үчүн Куловдун өздүк иши ушул кезге чейин Юстиция министрлигинде жатат жана эмне үчүн колонияга берилбейт?

Партия ошондой эле мына ушундай мыйзам бузуулар тууралуу ачык айтылып жатса да мамлекеттик эч бир орган эмне үчүн жооп бербейт, деген маселени да койгон.

Жаза өтөө мекемелелер башкармалыгынын башчысы Владимир Носов Куловдун өздүк ишиндеги документтин жоголушу мүмкүн эместигин билдирген:

- Бир да өздүк иштен документ жоголбойт. Анын ичинде Куловдун өздүк ишинен да.

Бул карама-каршылыктар сот жараяны башталса-аныкталмакчы. Бирок сотто иштин каралышы создуктурулуп жаткандыгына байланыштуу Куловдун адвокаты, Адам укуктарын коргоо бюросу жана “Атууулдук коом коррупцияга каршы” өкмөттүк эмес уюму Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча атайын өкүлүнө кайрылууну чечти. Бул тууралуу кабарлаган “Атуулдук коом коррупцияга каршы” өкмөттүк эмес уюмунун лидери Төлөкан Исмаилова буларга токтолду:

- Эгерде өлкөдө саясий туткундун арызы сотто каралбай куугунтукталса, курмандыкка чалынган адам БУУнун адам укуктары боюнча атайын өкүлүнө кайрыла алат. Өз кезегинде БУУнун өкүлү үч айдын ичинде маселени иликтеп чыгат. Башкача айтканда, жабырлануучунун арызы боюнча Улуттар Уюмунан делегация келип, кыргыз өкмөтү менен, Жаза өтөө мекемелер башкармалыгы менен иштеп, өлкөнүн БУУнун алдында алган милдеттемесин аткаруусуна көмөк көрсөтөт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG