Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:58

«РЕНТОНГРУПП» АМАНАТЧЫЛАРЫ КҮРӨШТҮ УЛАНТЫШАТ


“Рентонгрупп» компаниясына карата Ички иштер министрлиги кылмыш козгогондугуна 26-августта бир жыл болот. Өткөн айда бул кылмыш ишин 1-май райондук соту кароого киришкен. Бирок алданган аманатчылардын убарасын козголгон кылмыш иши деле, өкмөттүк комиссия деле жеңилдеткен жери жок. Бир жылдан бери аманатчылар нааразылык акцияларына чыгуу, ар кайсы жетекчилерге даттануу менен күн өткөрүп келатышат.

«Рентонгрупп» өткөн жылдары шире, минералдык суу, пиво ичимдиктерин чыгарып, пластик терезе жасап, баалуу кагаз чыгарып сатып, эл көзүнө кудуреттүү компаниялардын бири катары таанылып калган. Ишенимге кирген бул компанияга өз каражаттарын кылчактабай салган аманатчылар алданып калышканын былтыр жайында, ишкананын жетекчиси качып кеткенден кийин билишкен.

Ошол күндөн бери аманатчылар көз боёгон бул ишкананын мыйзамсыз, батыл аракеттери эмне үчүн учурунда тескелген жок, анын артында ким турат деген өңдүү суроолорго өкмөт тарабынан жооп ала албай убара тартып жүрүшөт.

Акыркы жолу президентке 2 миң чамалаш аманатчынын ар бири өз алдынча кат жолдошкон. Бул катка байланыштуу жума күнү аманатчылардын жоон тобу Баалуу кагаздар боюнча мамлекеттик комиссияга барышты. Ал жерге келген аманатчылардын бири Наталья Туманованын айтымында, президенттин наамына жолдонгон катка эмнегедир башкалар жооп берип жатышат:

- Биз февралдан бери президенттин наамына кат жазып, андан векселдерди, облигацияларды чыгарууга ким күнөөлүү, жоопкерчилик жүктөлгөн кызматкерди айтсын, жагдайды түшүндүрүп бериңиз деп кайрылып жатабыз. Ал өкмөткө тапшырат, өкмөт эмнегедир баалуу кагаздар боюнча мамлекеттик комиссияга тапшырат. Биз бүгүн бул жерге суроолорго жооп берүүгө комиссиянын чамасы жетеби, билели деп келгенбиз. Биз алардын укуктук маселелерге жооп бере албастыгына дагы бир жолу ынандык.

Аманатчылар Улуттук Банктын, Банктарды кайра түзүү боюнча агенттиктин (ДЕБРА) «Рентонгруппта» жеке кызыкчылыктары турганда маселе оңой менен чечилчүдөй эмес дешет. Ошондуктан, алар акчаларын сот аркылуу жарандык тартипте өндүрүү аракетин да көрө башташты. Ал үчүн тиешелүү документтерди топтоп, күч структураларына өз сунуштарын даярдап жатышат.

-Биздин үмүтүбүз бар, - дейт аманатчы Лилия Шапанова, - Ошондуктан, уруксат беришсе, кылмыш ишинен тышкары же аны менен бир учурда эле жарандык жана кылмыш тартибинде ишти териштирүүнү сунуштап жатабыз. Жарандык иш жоголгон акчаны кайтарып берүүнү териштирет эле.

Амантчыларга «Рентонгрупп» канча карыз экенидиги тууралуу так маалымат жарыялана элек. Былтыр чатак башталганда компания 55 миллион сомго баалуу кагаз чыгаргандыгы айтылган.

Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, «Рентонгрупп» ишканасы боюнча комиссиянын мүчөсү, депутат Акбөкөн Таштанбековдун айтымында, соттон майнап чыкпайт. Акчасын өндүрмөйүнчө аманатчылар да тынчышпайт. Аларды тынчытыш үчүн компаниянын карамагындагы бирин-экин ишканаларды чогултуп, бир акционердик коомго бириктирип, акциясын аманатчыларга берүү керек. Бул мамлекетке да өзгөчө оорчулук келтирмек эмес.

Таштанбековдун айтымында Жогорку Кеңештин бирин-экин депутаттары «Рентонгрупптун» Кантта 75% акциясы бар чакан цемент заводу, Бишкектин Кулатов көчөсүндө мунай базасы, минералдык суу скважинасы өңдүү менчиктери бар экенин изилдеп чыгышкан. Аларды сот аркылуу кайтарса проблеманын жарым-жартылайы чечилет. Бирок буга өкмөт чечкиндүү аракет кылган жери жок, дейт депутат.

«Рентонгрупп» чатагы боюнча былтыр президенттин тапшырмасынын негизинде өкмөттүк комиссия түзүлгөн болчу. Бирок жети айлык ишинин жыйынтыгы боюнча чыгарган комиссиянын сунушун аманатчылар да, Жогорку Кеңеш да колдогон жери жок.

Аманатчылар мамлекеттен алдаткан акчасын нак талап кылышса, парламент өзүнүн токтомун комиссия эсепке албаганына нааразы. Комиссиянын сунушуна кол коюудан баш тарткан мүчө-депутаттардын бири Таштанбеков:

- Палатанын токтомунун бир да пункту аткарылган жок. Биринчиден, күнөөлүү кишилердин баарын айтыш керек болчу. Анан көп нерселер киргизилбей калган. Биз анча-мынча кагаздарды алып чыкканбыз. 240 же 260 миң доллар бекен уурдалып кеткен экен. Ошол жерде түздөн-түз Улуттук Банктын кишилери күнөөлүү экенин далилдеп бердик. Ошону отчётко да, эч жерге киргизбей койгон экен.

Таштанбеков алданган аманатчылардын акчасынын тагдыры компания менчигинин айрым бөлүгүн ээлеп калган эки-үч адамга байланыштуу жана айрым чиновниктер миңдеген карапайым элге караганда ошолордун кызыкчылыгын көбүрөөк коргоп жатышат дейт:

- Инсан банк, Рентонгрупп, мына Чүй облусунда канча айылдар банкрот болуп, дыйкандар талаада калды. Ошого окшогон кишилер көбөйгөндөн көбөйүп баратат. Кепилдик жок. Ошол топтор көбөйгөн сайын биз үчүн коркунучтуу болот. Мына, Грузияны көрдүк. Эртеңки күнү буларды бир желектин алдына бириктирчү күчтөр пайда болушу мүмкүн да. Ошондуктан, күзгө чейин, сентябрдын башында көп маселелерди чечүү керек.

Жогорку Кеңеш өзүнүн «Рентонгрупп» компаниясы боюнча токтомунун аткарылышын сентябрь айында карары күтүлүп жатат. Өкмөттүк комиссия болсо «Рентонгрупп» компаниясын колдо калган бирин-экин каражатынын негизинде (реанимация) кайра түзүп, ошонун негизинде карыздарды жоюу механизмин иштеп чыгууну эп көрөт. Аманатчылар болсо алдаткан акчасын мамлекет кандай жол менен болсо да кайтарып берүүгө милдеттүү деп эсептейт.

- Биз Конституциялык укуктарыбыз үчүн, Конституциялык укуктарыбызды бузган адамдарга каршы күрөштү улантабыз, - дейт демилгелүү топтун мүчөсү Туманова

Ал эми Лилия Шапанованын айтымында, аманатчылар жакынкы эки-үч күн ичинде өз катарын дагы бир жолу түгөлдөп, 26-августта нааразылык акциясына чыгышы ыктымал.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG