Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:54

Шайлоого байланыштуу семинар уюштурулат


БИШКЕК. Дүйшөмбү күнү Бишкекте ЮСАИДдин колдоосунда бейөкмөт уюмдардын шайлоо өткөрүүгө байланыштуу атуулдарды окутуу программасында эки күндүк семинар ишин баштайт. Бул тууралуу “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын башчысы Эдил Байсалов бүгүн “Азаттыкка” билдирди.
Анын айтымында, семинарда октябрь айында өтүүчү жергиликтүү кеңештерге шайлоого бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнө усулдук жардамдар көрсөтүлүп, шайлоо мыйзамдары терең окутулат. Ага 15ке жакын бейөкмөт уюмдардын, Борбордук шайлоо комиссиясынын, Улуттук Демократиялык институттун, Эл аралык шайлоо системасынын корунун, Европа коопсуздук жана кызматаштык уюмунун өкүлдөрү катышуусу күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG