Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:00

Хантеңирде кырсыкка учурагандарды издөө улантылууда


БИШКЕК. Бүгүн Хантеңирде күндүн көзү ачылып, Орусиянын күтүүсүз кырдаалдар министрлигинен 28 куткаруучу жана Кыргызстандын кызматкерлери издөө иштерин улантышты. Кырсык болгон жерге 18 куткаруучу жеткирилди. Көчкү алдында калып каза болгон, Чехиянын атуулдары Павла Душкованын, Мартин Спичка жана Орусиялык Александр Храмцовдун сөөгү бүгүн Караколго жеткирилди, деп маалымдады Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Эмил Акматов бүгүн “Азаттыкка”. Анын билдиргенине караганда кырсык болгон жерде Украина, Орусиядан өз алдынча келген альпинист, туристтер да болушу мүмкүн деген божомол бар.

Ал эми “Эңилчек” альпинисттик базасынын башчысы Вячеслав Мирошкиндин маалымдашынча, 5-августтун таңында 50ө жакын альпинист Хантеңирге чыгууга багыт алышкан. Чапаев чокусунан чоң көлөмдөгү көчкү жүрүп, бир нече альпинист көчкү алдында калган. Кырсыктан 11 адам набыт болуп, экөө оор жаракат алганы айтылууда.

XS
SM
MD
LG