Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:33

ООГАНСТАН: ШАЙЛОО АЛДЫНДА КУРАЛДУУ ТОПТОР ЖАНДАНА БАШТАДЫ


Ооганстанда 9-октябрга белгиленген президенттик шайлоону болтурбоонун аракети күчтүү. Жума күнү ортолуктагы Урузган провинциясында шайлоочуларды каттоочу кызматкерлерди тарткан автокербенге чабуул жасалып, эки каттоочу набыт болду. Улуттар Уюму окуяны “кыянаттык көздөп жасалган чабуул” деп айыптады. Ишемби күнү Ооганстандын түштүгүндө америкалык эки жоокер жана ооган котормочу жолго коюлган минага кабылып, курман болушту.

Жума күнү Ооганстандын ортолук бөлүгүндөгү Чар Чено аймагында ооган өкмөтү менен Улуттар уюму аралык шайлоо комиссиянынын автокербенине буктурмадан кол салынды. Урузган провинциясынын губернатору Жан Мохаммед Хашимдин ишемби күнү маалымдашынча, чабуулдан шайлоочуларды каттоочу эки кызматкер өлдү. Төрт автомобиль катардан чыкты. Кербендин күзөтчүлөрү атышууда талибдердин бир желдетин колго түшүрдү.

Улуттар Уюмунун өкүлү Маноель де Алмейда шайлоо комиссиясынын инструктору Мохаммед Хашим менен айдоочусу Мохаммед Хусейнге ок жаңылып, каза болушканын, бир кызматкери дайынсыз жок экенин тастыктап, “Улуттар Уюму адамдардын өмүрүн кыйган чабуулду айыптайт”,- деп билдирди.

Урузган жана коңшулаш Забул провинциясында акыркы айларда бир катар катуу салгылашуулар болгон жана 9-октябрдагы президенттик шайлоо чукулдаган сайын согушчандардын кол салуусу көбөйүүдө. Мындай чабуулдардан бүгүнгө чейин шайлоокомдун 12 кызматкери курман болду.

Ооган адаватчылары жума күнү Забул провинциясында америкалык аскерлерге да эки жайда кол салышты. Дейчопан кыштагынан чыга бериштеги жылгаада аскерий кербен аткыланганда, бир автомобиль күйүп кетип, төрт жоокер жарадар болду.

АКШ аскерлеринин өкүлү, майор Скотт Нелсон аскерлер контрчабуул учурунда эки согушчанды колго түшүргөнүн маалымдады. Оор жарадар болгон америкалык эки аскер Германияга дарыяланууга жөнөтүлдү.

Забул провинциясынын борбору Калат шаарчасына жакын жерде жолго коюлган бомбадан дагы эки америкалык аскер жеңил жарадар болду.

Быйыл АКШлык аскерлер 2001-жылы Ооганстанга киргенден берки эң чоң жоготууларга дуушар болууда. Жыл башынан бери бардыгы америкалык 21 аскер окко учту.

Ушу тушта Ооганстанда 20 миң чамалуу АКШлык аскерлер башындагы күч бар. Алар, “Вашингтон Пост” гезити баамдагандай, талибдер менен “ал-Каиаданын” мүчөлөрүн, анын ичинде Осама бин Ладенди издеп жүрүшөт.

Ал эми чет элдик соопкерчилик уюмдарынын жоготуулары андан да көп. Шейшемби күнү Германиянын “Малтецер” деп аталган гуманитардык уюмунун эки ооган кызматкерин атып кетишти. Мунун менен Ооганстанда быйыл эле соопчулук уюмдарынын 24 кызматчысы өлтүрүлдү. “Малтецер” Улуттар Уюмунун Качкындар агенттиги менен чогуу мурдакы бозгундарга там-жай куруп, чарба күтүүгө жардамдашат.

Июнь айынын баш ченинде Чек арасыз дарыгерлер уюмунун эки жумушчусу Ооганстандын тынч эсептелген түнтүк батыш аймагында өлтүрүлгөн болчу. Бул окуядан кийин уюм Ооганстандагы соопкерчилик иштерин кыскартууга аргасыз болгон.

Германиялык уюм анын жумушчуларын өлтүрдү деп шектелген жергиликтүү лашкер башчылар камакка алынбаганына нааразы.

“Малтецер жана Чек арасыз дарыгерлер сыяктуу уюмдарга зобундук жасаган адамдарга каршы токтоосуз катаал чара көрүп, аларды жоопкерчиликке тартуу абзел”, -дейт АКШ армиясынын өкүлү Скот Нельсон. Бирок, Багдиш аймагынын полициясы бир да адамды камакка алган эмес.

Полициянын акими Амир Шах Найибзада эч ким камакка алынбаганын ырастап, “Биз ички иштер министринен буйрук күтүүдөбүз”,- дейт.
XS
SM
MD
LG