Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:45

КӨЛ КЫЛААСЫНДА ӨТКӨРҮЛГӨН СОГУШТУК МАШЫГУУ БИРӨӨГӨ КЫР КӨРГӨЗҮҮ БОЛДУБУ?


Муса Мураталиев, Москва Өтүп бараткан аптада Кыргызстанда «Кыйыр–2004» деген аталышта согуштук машыгуу өттү. Аны Биргелеш коопсуздук келишимине кирген өлкөлөр ортосунда түзүлгөн күч өткөрдү. Машыгуунун эртеси ал уюмдун баш катчысы Николай Бордюжа журналисттер алдында эл аралык террорчулукка каршы бирге күрөшүү үчүн ЖККУ (ОДКБ) менен НАТО маакулдашышты деп жар салды. Дагы бир ырасталбаган булактан алынган маалыматта КМШ жамаатынан пайда болгон ал күч БУУнун калканчы астында эл аралык коргонуу күчүнө айланышы ыктымал деп айтылат.

Августун төртү күнү Грузиянын президенти Михаил Саакашвили өзүнүн аскерлерине: “(Кара деңиз үстү менен өтчү – ММ.) Грузиянын суу чегин бузган кеме болсо аткыла”, - деген буйрук берген. Абхазия менен Түштүк Осетияда кызыкчылыгы бар Маскөө мындай кабарды шаабайы сууп кабылдады. Ал күнү Борбор Азияга карап сапар алган Орусиянын коргоо министири Сергей Иванов : ”Мындай көрүнүш деңизде кеме тоноочулар жоругуна окшоп кетет”,-деп Тблисиге жылма айтып камчы кесеген.

Орусия аскер төбөлү андан ары Кыргызстанда бир өргүп, көл кылаасында өткөн “Кыйыр–2004” машыгуусуна көзөмөл жүргүзүп, Канттагы аскер базасына барып кайра тарткан.

Баса, Биргелешкен коопсуздук келишимине кирген өлкөлөр аскерлеринен түзүлгөн атайын күч машыгууну өтө жакшы өткөрдү дешет. Маселен, орусиялык биринчи сыналгыдан барган кабарчы Алексей Бархатов ал күнү Кыргызстандан тартып берген репортажында: ”Мындай масштабдагы машыгуу Борборазия аймагында мурда эч убакта жүргүзүлгөн эмес”, - деп айтты.

Анализчилер айтканга караганда, Орусия сары өзөн Чүйдүн боорундагы чакан калаа Кантка аскер базасын ачкандан улам анын мүмкүнчүлүгү кеңейип, ушундай масштабдуу машыгуу өткөргөн.

Баарыга белгилүү, Кантты орусиялык тарап чейрек кылымга ижарага алган. Ал мөөнөт байыганда Маскөө аны дагы ошончо мөөнөткө узарта алат. Иши кылып, бери дегенде элүү жыл Кыргызстанда калып аткандыктан Маскөө ал базасын кубаттантуу жагын колго алат дешүүдө. Андай кепти орусиялык аскерий жетекчи Сергей Иванов да айткан:

- Кант учактар майданын мындан ары жакшыртуу боюнча орусиялык жетекчи алдына койгон так план бар. Биз Канттын инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн каражат кошсок дейбиз. Биз аны жасайбыз. Орусиянын президенти Владимир Путин ал планды буга дейре эле колдоого алган.

Баса, “Кыйыр–2004” согуштук машыгуунун өтүшүнө көз салып кайткан Кыргызстандын президенти Аскар Акаев эл аралык террорчулук менен күрөшүүдө алар кол салып киргенге дейре эле аларга:

- Эми алдын ала ар кандай чара көрүү үчүн мүмкүнчүлүк болот, - деген оюн айткан.

6-августта Биргелешкен коопсуздук келишими уюмунун баш катчысы Николай Бордюжа журналисттер алдында жасаган билдирүүсүндө:

-ЖККУ менен НАТО эл аралык торрочулукка каршы чогуу күрөшөлү деп макулдашышты, жакында расмиий түрдө байланыш түзгөнгө жетишебиз, - деди.

Дагы бир ырасталбаган булактан алынган маалыматта КМШ жамаатынан пайда болгон Биргелеш коопсуздук боюнча күчтү БУУнун калканы астында эл аралык коргонуу күчүнө айлантуу ниети бар экен дешет.

Бирок орусиялыктардын кыйласынын бүйүрүн Кыргызстандагы аскердик база эмес, Михаил Саакашвилинин жакында Вашингтондо айткан “3-4 жылдан кийин орусиянын бир да аскери Грузияда калбайт” деген ыймандай сыры кызытты.

Кавказ тоолорунун коюнунда жаткан Грузияны жалгыз эле АКШнын админстрациясы эмес, европалык коомчулук, атургай орусиялык алдыңкы көз караштагы күчтөр да колдогону ушундан көрүнүп турат.
XS
SM
MD
LG