Хмельницкий АЭЗинин экинчи болгунун ишке киргизилүүсү менен Украина жылына дагы 6-6,5 миллиард киловатт саат электр энергиясын өндүрө алат. Президент Леонид Кучманын билдиргенине караганда, Хмельницкий АЭЗинин экинчи блогу коопсуздук жагынан эл аралык стандарттарга жооп берет жана толугу менен Украинанын өз каражатына курулду. Президен Кучма эми аталган атомдук электростанциянын үчүнчү блогун курууга көрсөтмө берди.