Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:21

Ооганстанда америкалык аскерлерге жана шайлоого даярдык көрүп жаткандарга кол салынды


Ооганстандын Ганзи провинциясында автоунаасы жолго көмүлгөн бомбага кабылып, америкалык эки аскер жана алардын ооган котормочусу каза тапты, үчүнчү аскер жаракат алды. Окуя кечээ болгон. Америкалык аскерий өкүлдөрдүн билдиргенине караганда, жоокерлер шайлоочуларды каттоого алып жаткан комиссиялардын коопсуздугун камсыз кылуу менен алектенип жүргөн. Мунун алдында жума күнү Забул провинциясында Талибандын согушкерлери деп шектелген куралчандардын кол салуусунан америкалык алты аскер жаракат алган эле. Ушул эле күнү Урузган провинциясында Ооганстандын жана Улуттар Уюмунун шайлоочуларды каттоого алуучу тобуна кол салынып, эки ооган кызматкери каза тапкан. Полиция кол салгандардын бирин кармоого үлгүрдү. Ал Талибандын өкүлү экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG