Линктер

дүйшөмбү, 20-февраль, 2017 Бишкек убактысы 22:11

Бангладештеги суу ташкындан каза болгондордун саны 900гө жетиши мүмкүн


Бул тууралуу бүгүн Бангладештин мамлекеттик жаңылыктар агенттиги кабарлады. Маалыматка караганда, курмандыктардын саны туу ташкындын соңунан чыккан эпидемияга байланыштуу көбөйүшү ыктымал. Бангладештеги быйылкы суу ташкын 10-июлда башталган жана ал -1998-жылдан беркилердин эң ириси. Анда 700 адам мерт болгон эле. Бангладешке коңшу Индияда да быйыл жайдагы суу ташкындар менен жер көчкүлөрдөн 1000ден ашуун адам мерт болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG