Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:18

Иран Иракта дипломаты уурдалганын ырастады


Ирандын мамлекеттик телекөрсөтүүсүнүн кабарына караганда, Фаридун Жахани аттуу дипломат Кербала шаарына консулдук ачуу үчүн бара жаткан кезде уурдалган. Иран телекөрсөтүүсү дипломаттын боштондугу үчүн барымтачылар эч кандай кун талап кылбаганын да кошумчалады. Мурдараак өзүлөрүн "Ирактын ислам армиясы" деп атаган топ дипломатты өзүнүн негизи милдетинен тышкаары иштери, диний араздашууну козутканы үчүн кармаганын билдирген. "Ал-Арабия" телеканалынын маалыматына караганда, барымтачылар ошондой эле Иранга Ирактын ички иштерине кийлигишпөөнү эскертти. Ал эми Тегерандан түшкөн кабарларга караганда, Ирактын дипломатиялык иштерди тейлеген өкүлү Багддагы расмий адамдардын Иранды ички иштерге кийлигишкени үчүн айыптаганы боюнча түшүндөрмө берүү үчүн бүгүн тышкы иштер министрлигине чакыртылат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG