Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:57

ЖЫЙЫРМА ЭКИ КЫЛЫМДЫН СЫРТЫНДА КАЛГАН ОЙЛОР


Өткөн жылы Кыргыз мамлекеттигинин 2200 жылдыгы деп белгиленип, илимий конференциялар, тегерек үстөл талкуулар өткөрүлүп, нечендеген китептер жарык көрдү. Кыргыз мамлекеттигин белгилөө жагдайы көздөгөн максатына жеттиби деген маселени талдап, ободо Муратбек Кожобеков.

Кечээ эле ХХ к. башталышында чыгармачылык өмүрүн баштаган Осмонаалы Сыдык уулу менен Белек Солтоноевдер - кыргыз эли өз тарыхын билбейт, жаштар тарыхты билип алгыла деп зар какшап келишкени маалым. Андан кийин совет заманында деле кырдаал өзгөрүп кеткен жок. Илим-билим келишкени менен кыргыз тарыхы калк көксөөсүнөн алыс болуп келди.

Кыргыз элинин кылым карыткан тарыхы бар экен, ал түгүл түрк-моңгол дүйнөсүн дүңгүрөткөн кубаттуу мамлекет кургандыгы туурасындагы маалымат, илим-билим дареги эгемендик шарапаты менен ыроолонду.

Биз да эл экенбиз, мамлекет түптөп маданият көрөңгөбүз бар экен деген сыймыктануу сезим, асыресе былтыркы Кыргыз мамлекеттигинин 2200 жылдык белгилөөсү менен канат байлады. Элдин тарыхка болгон кызыгуусу артып, окуу жайларында кыргыз тарыхына байланышкан тартыштар өткөрүлүп, буга чейинки кайдыгерлик кыртышы бузулду. Анткен менен келечектүү илимий иштин кыргыздын кадыресе той-салтанатына айланып унуткарылып баратышы окумуштуулар чөйрөсүндө кабатырлануу маанайын жаратпай койбойт. Анда эмесе ушул маселе боюнча археолог Кубатбек Табалдиевдин пикирин угуп көрсөк:

- Өкмөттүн, же мамлекеттин жардамысыз бул экспедицияларды, илимий жүрүштөрдү уюштуруу таталга турат. Ошондуктан кыргыз тарыхын, тилин, тегин, маданиятын иликтөө үчүн мамлекеттик чоң программа керек. Бул программанын алкагында байма-бай ушул Кыргызстандын аймагы жана кыргыздарга чектеш жашаган, жалпы кыргыз этносунун өнүгүү-калыптануу ореалдарын иликтөө мамлекеттик, өкмөттүк деңгээлде чечилиши керек. Жакында сентябрь, октябрь айларында Кытайга экспедиция уюштуруу маселеси каралып жатат. Өкмөт тарабынан, өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан финансы жактан каржылоо жардам болуп калса, экспедиция буюрса өзүнүн максатына жетет деген ойдомун.

Арийне, кыргыз элинин тарыхы мындан ары да мамлекеттин колдоосуна муктаж. Анын толгон-токой проблемаларын калыбына келтирип изилдеш үчүн бир жылдык эмес, узак мезгилге мерчемделген программа даярдап комплекстүү иликтөө зарыл.
XS
SM
MD
LG