Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:50

ТАНАЕВдин СӨЗҮ ТУУРА ЧЫКПАДЫБЫ?


9-августа Улуттук банктын төрагасы Улан Сарбанов мааалымат жыйынын өткөрүп, Кумтөр кенин сатуудан Улуттук банк эсебине акча түшө электигин билдирди.

Прессконференцияда Улуттук банктын төрагасы алты ай ичиндеги көрсөткүчтөргө токтолду. Анын айтымында, инфляция төмөн, сомдун курсу туруктуу болуп турат. Жыл аягына чейин мындай абал сакталмакчы. Жарым жылда өлкөнүн тышкы соодасынын көлөмү 726 миллион долларды түзүп, 42% өсүштү берген. Ал эми импорт 394 миллион, экспорт 332 миллион доллар болуп, тескери сальдо 62 миллион доллардан ашып кеткен. Эгерде өлкөнүн экспортунун маанилүү бөлүгүн алтын түзөөрүн, ал эми өлкөдө өндүрүлгөн алтын Кыргызстанга эмес, Камекого тиешелүү экенин эске алсак, тышкы сооданын тескери балансы 203 миллион долларга жетүүдө. Өкмөт бул ажырымды экспортту өнүктүрүү менен чечүүгө аракеттенүүдө. Бирок андан натыйжа чыккан жери жок. Алтынды Кыргызстандан Бириккен Араб Эмираттары жана Швейцария алууда. Ошондуктан экспорттун 25% ашуунун Эмираттарга, 17% ашуунун Швейцарияга жөнөтүлгөн товардык алтын түзүүдө.

Маалымат жыйынында Кумтөр кенине байланыштуу маселе да козголду. Улуттук банктын төрагасына Кумтөр биргелешкен ишкасынын ордуна түзүлгөн “Центерра голд” компаниясынын Кыргызстанга тиешелүү акциясын сатуудан Улуттук банктын эсебине акча түштүбү деген суроо берилди. Ага Улан Сарбанов:

- “Центерра голд” компаниясынын акциясын сатуудан Улуттук банкка акча түшкөн жок. Бул суроо өкмөт башчысына берилсе туура болот. Биз ал акчаны алууга аракет кылып жатабыз. Бул тууралуу президент да билет.

Ал эми премьер министр Николай Танаев 1-июнда Бишкекте өткөн жыйында “Центтера голддогу” Кыргызстанга тиешелүү акциянын бир бөлүгү 85 миллион долларга сатылып, ал Улуттук банктын эсебине түштү деп билдирген эле:

- Мен айтып коюшум керек, бүгүнкү күнгө карай Улуттук банктын эсебине 85 миллион доллар түштү. Бул каражатты биз жакырчылыкты жоюуга жумшайбыз.

Жогорку Кеңештин тыюу салган кош токтомуна карабай өкмөт өткөн жылдын аягында Кумтөр ишканасындагы Кыргызстандын 70% акциясын кошуп, Камеко ишканасы менен, иргеликте “Центерра голд” компаниясын түзгөн. “Центерра голддун” 30% акциясы Кыргызстанга тийген. Өкмөт башчы Николай Танаев мына ошол 30% акциянын бир бөлүгүн сатуудан 85 миллион доллар Улуттук банкка түштү деген эле. Айрым маалыматтарга караганда, өкмөт “Центерра голддогу” 30% үлүшүнүн 13% 85 миллион долларга саткан.

Өкмөт башчынын сөзүнүн туура эмес чыгышын Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Орозбек Дүйшеев калпычылык катары баалап, негизи эле Кумтөрдү сатуудан Кыргызстан өтө көп зыянга учурады, деген оюн кайталады.

Кайрадан маалымат жыйынына келсек, Улан Сарбановдун андагы айтымына караганда, Кыргызстан Эл аралык валюта кору менен жаңы үч жылдык программа түзүп, насыя алууга аракеттенет. Анткени быйылкы жылы 2001-жылы түзүлгөн алгачкы үч жылдык программа аяктайт. Бүтүп бараткан программа боюнча Кыргызстан ЭВФтен 100 миллион доллардан ашуун насыя алган.

Өлкөдөгү коммерциялык банктардын депозити дээрлик 23% көбөйүп, 6 миллиард 600 миллион сомду түздү. Бирок насыянын үстөгү жогору бойдон калууда. Маселен, банкттар улуттук валюта менен насыяны жылдык үстөгү 25%, ал эми чет өлкөлүк валютаны 19% үстөгү менен берүүдө. Президент Аскар Акаев өткөн айда өлкөнүн коомчулугу менен жолугушууда насыянын үстөгү 10% төмөн болгондо гана аны алган тарапка пайдалуу болоорун белгилеген эле.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG