Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:21

«Мигранттын коопсуздук паспорту» чыгарылды


БИШКЕК. Тышкы иштер министрлигинин алдындагы миграция департаменти менен Миграция боюнча эл аралык уюм Казакстанда, Өзбекстанда жана Россияда убактылуу иштеп жаткан мигранттар үчүн маалымат китепчесин басып чыгарды. «Мигранттын коопсуздук паспорту» деген ат менен чыккан бул китепчеде коңшу өлкөгө каттоо үчүн зарыл болгон маалыматтар, миграциялык карта толтуруунун, ишке орношуунун тартиби жазылган. Ошондой эле миграция иштери боюнча иш алып барган мамлекеттик мекеме-уюмдардын даректери киргизилген. «Мигранттын коопсуздук паспортун» Эл аралык миграция уюму «Кыргызстандык мигранттарга маалымат жагынан жардам көрсөтүү» программасынын алкагында тышкы иштер министрлигинин алдындагы миграция департаменти, Жаштардын «Голден гоал» коомдук бирикмесинин жардамы менен чыгарды.
Бул тууралуу бүгүн «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында миграция департаментинин башчысы Зафар Хакимов билдирди. Китепче орус, кыргыз тилдеринде чыкты жана ал аба майдандарында, темир жол жана автобекеттерде бекер таратылат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG