Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:37

Жарандык коом «Сентеррадан» түшкөн пайданы көзөмөлдөгүсү келет


БИШКЕК. «Жарандык коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюму 14-15-августта Ысыккөлдө жарандык форум өткөрүүнү көздөп жатат. Анда жергиликтүү калкка жардам көрсөтүүнүн планы иштелип чыгып, кыргыз өкмөтүнө жана «Сентерра-Голд» компаниясынын жетекчилигине сунушталат. Бул тууралуу жарандык уюмдун төрайымы Төлөкан Исамилова бүгүн «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, талкууга бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, саясатчылар, жергиликтүү тургундар катышаары болжолдонууда. Премьер министр Николай Танаев июнь айында Бишкекте өткөн семинарлардын биринде Кыргызстан «Сентеррадагы» жөнөкөй акцияларынын айрым бөлүгүн сатып, 85 миллион доллар пайда көргөнүн, ал Улуттук банктын эсебине келип түшкөнүн жана бул каражат социалдык муктаждыктарга жумшаларын кабарлаган. Улуттук Банктын төрагасы Улан Сарбанов аталган каражат улуттук банктын капчыгына түшө электигин бүгүн «Азаттыктын» кабарчысына билдирди.

XS
SM
MD
LG