Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:09

Нагасакини бомбалоону эскерүүдө Кошмо Штаттары кайрадан сынга алынды


Жапаниянын Нагасаки шаары бүгүн америкалык ядролук бомбалоонун 59 жылдыгын эскерди. Курмандыктарды эскерүү жыйынында Нагасакинин мэри АКШнын миңдеген ядролук куралды сактап келатканын айыптады. Итчо Ито америкалыктарды дүйнөнү ядролук уралдан арылтууда жапандарга кошулгула деп үндөдү:
- Aмериканын элине кайрылам. Адамзатынын аман калышына алып баруучу жол ядролук куралдан арылууну талап кылат. Кол кармашып, ушул жолго түшүүгө мезгил келип жетти.
1945-жылы Нагасакиден үч күн мурда бомбаланып, тып-тыйпыл кыйраган Хиросиманын мэри өткөн аптада АКШга ядролук куралды өнүктүрүүнү улантып жатат деп кине койгон эле.
АКШнын Хиросимага жана Нагасакиге жасаган ядролук чабуулу 100 миңден ашык кишинин кырылышына алып келип, Жапаниянын Экинчи дүйнөлүк согушта шарт коюсуз багынышына түркү болгон эле.

XS
SM
MD
LG