Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:45

ЖАЛГАН ТАСМАНЫ ТАРАТКАН АМЕРИКАЛЫКТЫН ИШИН ФБР ИЛИКТӨӨДӨ


АКШнын Федералдык тергөө бюросу америкалык Бенжамин Вандерфорд деген жаш жигиттин ишин иликтөөдө. Ал өзүн ирактык согушкерлер өлтүрүп жатканын көргөзгөн жалган видеотасманы Интернет аркылуу жайылтып жиберген эле жана батыштык айрым маалымат агенттиктери менен "Ал-Арабия" телеканалы аны болгон окуя катары кабарлоого үлгүргөн болчу.

Бенжамин Вандерфорд АКШнын Сан–Франциско шаарынын тургуну. 22 жашта, кесиби боюнча банкир. Ал өткөн ишемби күнү өзүнүн Иракта согушкерлер тарабынан өлтүрүлгөнү жөнүндө кабар тарай баштагандан көп өтпөй эле жалган жалган видеотасманы маалымат каражаттарын алдоо канчалык жеңил экенин сыноо максатында жайылтканын моюнга алды:

- Менимче муну оройлук катары кароого болот. Бирок адамдар буга байланыштуу эки олуттуу нерсени түшүнөт деп ойлойм. Биринчиси - мындай видеотасмаларды жасоо оңой экендиги. Экинчиси - прессаны ал видеотасмалардын чындыгына ишендирүүнүн канчалык жеңилдиги.

Бенжамин Вандерфорддун айтымында, ал жогорудагыдай идеяга быйыл апрель айында Иракта адамдарды барымтага алган согушкерлер тарабынанан таратылган сапаты начар видеотасмаларды көргөндөн кийин келген.

Тасманы тартууда болсо теги иорданиялык согушкер, "ал-Каиданын" өнөктөшү деп эсептелген Абу Мусаб ал-Заркавинин интернет сайтына салынып жүргөн видеотасмалардын форматы пайдаланылган. Жалган видеонун баш сөзүндө да ошол Абу Мусаб ал-Заркави америкалыкты өлтүрүп жатканы көргөзүүлөрү айтылат. Мурдараак ал-Заркавинин согушкерлери үч чет элдиктин : америкалык ишкердин, түштүк кореялык котормочунун жана болгариялык айдоочунун башын алганы тартылган видеотасманы таратышкан.

Ал эми адегенде ал-Заркавинин согушкерлериники деп болжолдогон жалган видеодо анын чыныгы автору Бенжамин Вандерфорд күңүрт бөлмөдө, столдо, колдору артына таңылып олтурат. Ал АКШнын өкмөтүнө кайрылып, Ирактан аскерлерди алып кетүүгө чакырган соң бычак кармап турган кол анын моюнуна түшөт. Тасманын ушул жерин кантип жасагандары жөнүндө Вандерфорд мындай деди:

- Биз жалган канды краска менен жасашыбыз керек эле жана биз тасманы алар менин кекиртегимди кесип жаткандай кылып көргөзүш керектигин билгенбиз, бирок сиз чынында эмне болгонун көрбөйсүз. Биз гаражга барып, жөн гана бош дубалды, Ирактан келген башка видеолордо көргөзүлгөн столду алдык. Андан соң баардыгын туура кылып көргөзүү үчүн камера менен гана иштедик.

Вандерфорд ошондой эле видеотасманы монтаждоодо "Адоб Премиер" деп аталган компьютердик программа колдонулганын кошумчалады.

Айтор авторлор канчалык окшоштурууга аракеттенбесин видеотасма көргөзүүлөр замат эле анын чындыгынан күмөнсаноолор болгон. Себеби адатта болуп келгендей, барымтада деген адамдын аракасында беткеп кийген согушкерлер жок, ал кайсыл жерден уурадалганы жөнүндө маалымат айтылган эмес. Жаш банкирдин энеси Тереза Вандерфорддун айтымында, ал качан кабарчылар байланышканга чейин баласынын жалган видео таратканы боюнча эч нерсе укпаган. Ал уулу компьютердин аки-чүкүсүн өтө жакшы билээрин белгиледи.

Учурда бул иш боюнча Сан–Францисконун жергиликтүү полициясы менен АКШ Федералдык тергөө бюросу да иликтөө жүргүзүүдө. Алардын билдиргенине караганда Бенжамин Вандерфорддун аракети кылмышка жатаар-жатпасы азырынча аныктала элек.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG