Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:41

“Арнамыс” партиясы парламенттин кош палатасынын төрагаларына кайрылуу жолдоду


Серепчилердин пикиринде, соңку мезгилде “Арнамыс” партиясынын учурда абакта жаткан төрагасы Феликс Куловдун боштондукка чыгуусуна байланыштуу чатак кайрадан ырбай баштады. Бийлик өкүлдөрү Кулов түрмөдөн келерки жылы ноябрь айында чыгат дешсе, өлкөнүн Акыйкатчысы жана “Арнамыс” партиясы Кулов 2004-жылдын июн айында боштондукка чыгууга укуктуу деген пикирде. Ал эми маселеге чекит коё турган сот органдары болсо документтер толук эмес деген себеп менен ишти карабай келишет. “Арнамыс” партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиевдин айтымында, Феликс Кулов буга чейин өзү отурган № 19 жаза өтөө жайынын жетекчилигине, юстиция министрлигине жана жаза өтөө мекемелер башкармалыгына арыз жолдогон. Кулов арызында өзүнө берилген мөөнөттүн соңуна чыккандыгын айтып, аткаруу бийлигинен мыйзамдуу түрдө боштондукка чыгарууну өтүнгөн. Эмил Алиевдин айтымында, Куловдун мындай арызына жогоруда аттары аталган мекеме жетекчилери ар кандай шылтоо менен ачык жооп бербей келишет. Буга байланыштуу «Арнамыс» партиясынын саясий кеңеши кечээ Жогорку Кеңештин кош палата төрагаларына арыз жолдоп, аткаруу бийлигинин мыйзамсыз аракеттерине таасир көрсөтүүнү өтүндү. Эмил Алиевдин ишениминде, алардын кош палата төрагаларына жолдогон кайрылуусунан кандайдыр бир жыйынтык болот:
- Жыйынтык чыгат деп ойлойм, анткени парламенттик, президенттик шайлоо жакындаган сайын, депутаттардын аткаруу бийлигине болгон аң сезими, мамилеси өзгөрүлө баштады, - дейт Арнамыс партия төрагасынын орун басары Эмил Алиев.


Таңкы соңку дүйнөлүк жаңылыктарды Прагадан Азиза Турдуева даярдады.

XS
SM
MD
LG