Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:29

Ирактагы кагылышуулар уланууда


Ирактын Нажаф шаарында америкалык аскерлер менен өлкөдөгү радикал шийилердин жол башчысы Моктад ас-Садрдын тарапкерлеринин ортосундагы кагылышуулар уланууда. Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан Наджафтагы кырдаалга байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.
Маалыматтарга караганда, соңку беш күндүн ичинде Нажаф шаарында орун алып жаткан кагылышуулардан 30ка жакын адам набыт болду.
Ас-Садр буа чейин Ирактын премьер-министри Айад Аллавинин Нажафтан аскерлери менен чыгып кетүү талабын четке кагып, шийилердин ыйык шаарынан эч жакка кетпей тургандыгын билдирген. Кечээ ал бул чечимин мындайча бышыктады:

- Биз өлкөнү баскынчылардан бошотууну, өлкөнүн көз карандысызыдыгын каалайбыз. Өлкөбүз бошотулуп, көз карандысыз болсо, биз андагы саясий жараяндарга катыша алабыз, - деди Моктад ас-Садр.

Соңку маалыматтарга караганда, Ирактын түштүгүндөгү Баср шаарында да, шийи козголоңчулары менен британиялык аскерлердин ортосундагы кагылышуулар уланууда.

XS
SM
MD
LG