Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:53

АКШ президенти Иранды өзөктүк программадан баш тартууга чакырды


Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш Иран өкмөтүнөн өзөктүк программадан баш тартышын дагы бир ирет талап кылды. Кечээ Вашингтондо Буш АКШ, башка бир катар өлкөлөр менен жана эл аралык коомчулук менен бирдикте Иранды атомдук энергия боюнча Эл аралык агенттикке өзүнүн өзөктүк программалары тууралуу толук маалыматтарды берүүгө мажбурлоо аракеттерин көрө тургандыгын билдирди. Ал эми Ирандын тышкы иштер министри Камаль Харрази ошол эле күнү Ирандын өзөктүк программасы тынчтык максатты гана көздөй тургандыгын жана өлкө эл аралык милдеттенмелерин бузбай аткарып келе жаткандыгын дагы бир ирет эскертти. Буга чейин Буштун улуттук коопсуздук маселелери боюнча кеңешчиси Кондолизза Райс да, эл аралык коомчулук Ирандын өзөктүк курал жасап чыгарышына жол бербейт деп билдирген эле.

XS
SM
MD
LG