Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:53

11-августта аба ырайы кандай болот?


БИШКЕК. Аба ырайын маалымдоо борборунун билдирүүсү боюнча, 11-августта Кыргызстанда аба ырайында өзгөрүүлөр болбойт. Жумшак жел жүрөт. Айрым аймактарда абанын температурасы 34 градуска чейин ысык болот.

Абанын температурасы:
ТАЛАС аймагында түнкүсүн +8…+13, күндүз +24…+29 градус.
БАТКЕН облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +27…+32 градус ысык.
Ал эми ОШ, ЖАЛАЛАБАД дубандарында түнкүсүн +14…+19, күндүз +29…+34 градуска чейин көтөрүлөт.
ЫСЫККӨЛ, НАРЫН өрөөндөрүндө түнкүсүн +8…+13, күндүз +21…+26 градус жылуу.
Сарыөзөн Чүйдө түнкүсүн +13...+18, күндүз +28…+33 градус.
БИШКЕКТЕ абанын температурасы түнкүсүн +14…+16, күндүз +30…+32 градус ысык болушу күтүлөт.


Жаңылыктар топтомун Бурулкан Сарыгулова, Бакыт Аманбаев жана облустардагы кабарчылар даярдашты

Аба ырайы тууралуу маалымат менен Алина Кангелдиева тааныштырды.

XS
SM
MD
LG