Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:43

Ысыккөл областтык мамлекеттик администрациясынын кезектеги коллегиясы өттү


КАРАКОЛ. Жыйында облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жана жергиликтүү бюджеттин салык төлөмдөрүнүн аткарылыштары, электр жарыгы үчүн төлөнүүчү карыздардын кайтарымы, облустун аймагындагы автожолдордун абалы жана башка маселелер каралды. Коллегияны облус губернатору Токон Шайлиева алып барды. Жыйында айтылган маалыматтарга караганда, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда облус боюнча жети айдын ичинде салык төлөмдөрү 39 млн. сомго аз түшкөн. Каракол шаардык эркин экономикалык аймагына кирген 83 субъект жергиликтүү бюджетке дээрлик киреше киргизген эмес, салык төлөөдөн баш тартышкан. Ал эми электр жарыгы үчүн облус боюнча дебитордук карыз 297 млн. 119 миң сомго жетти. Коллегияда каралган ар бир маселе боюнча токтом кабыл алынып, айрым жетекчилерге эскертүү берилди.

XS
SM
MD
LG