Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:34

Облустук коллегия ичкелте илдетин талкуулады


БАТКЕН. Жыйында алгач ичкелте илдети боюнча түзүлгөн кырдаал тууралуу билдирүүлөр угулду. Анда илдет Баткен районундагы Кызылбек айылында 28-майда чыгып июнь айынын орто ченинен тарта ооруга чалдыккандар көбөйүп кеткени белгиленди. Маалыматка караганда, бүгүнкүгө дейре илдетке кабылганынан шектелген 193 адам катталып, учурда 24 оорулуу ооруканада дарыланып жатат. Ал эми акыркы жумада илдеттин жайылышы басаңдап, бир да оорулуу катталган жок. Оорунун чыгуусуна таза суунун таңсыктыгы, суу түтүктөрүнүн начар абалда экени себеп болгону айтылды. Аталган айылга барчу суу түтүгү 11 жеринен тешилип, таза сууга Баткен шаарынан чыккан саркынды суу кошулат, бул суудан ичкелтенин козгогучтары табылган. Жыйындын акырында санитардык көзөмөл борборунун иши канааттандырарлык эмес деп табылды. Ошондой эле коллегия мүчөлөрү облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башчысы Сайпидин Төрөевге сөгүш жарыялоо, Баткен райондук башкы санитардык дарыгери Калбай Шерматовдун кызматына байланышкан маселени чечүүнү райондун жетекчиликке тапшырды.

XS
SM
MD
LG