Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:13

Стамбулдагы жардырууда кыргызстандыктар жабыркашкан жок


БИШКЕК. Стамбул бийлигинин маалыматына караганда, дүйшөмбүнүн түнүндө болгон жардырууларда Кыргызстандыктар жабыркашкан жок. Ошондой болсо да жардыруудан моралдык жана материалдык чыгым тарткан кыргызстандык жарандар бар же жок экенин аныктоо иштери уланууда. Бул тууралуу бүгүн «Азаттыкка» Кыргызстандын Стамбулдагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери Алтынбек Муралиев билдирди. Батыш маалымат каражаттарынын жазгандарына караганда, бул жолку жардыруу Стамбулдун арзан мейманканалары жайгашкан аймагында болгон. Бул жерде КМШ өлкөлөрүнөн каттаган туристтер көп болушат. Түркиянын расмий бийлиги террор катары эсептеп жаткан бул жардырууда 2 киши өлүп, бир нече адам жарат алгандыгы айтылууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG