Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:50

Кыргызстанга Эл аралык валюта корунун миссиясы келет


БИШКЕК. 13-августта Кыргызстанга Эл аралык валюта корунун жакынкы чыгыш жана Борбор Азия өлкөлөрү боюнча департаментинен Таапио Саавалайнен жетектеген делегация иш сапары менен келет. Каржы министринин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, чет элдик эсперттер иш сапары учурунда Кыргызстан менен Эл аралык валюта корунун ортосундагы түзүлгөн үч жылдык программанын аткарышылын текшеришип, Кыргызстандын 2005-жылдагы республикалык бюджетинин долбоорун талкуулашат. Чет элдик делегация өкмөт башчы Николай Танаев, Каржы министри Болот Абилдаев, Улуттук банктын төрагасы Улан Сарбанов менен жолугушат. Иш сапарынын соңунда алар журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөрүшөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG