Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:17

Кыргызстандык спортсмендерди олимпиадага өкмөт башчы жетектеп барат


БИШКЕК. Грецияда өтүүчү олимпиада оюндарына кыргызстандык спортсмендерди өкмөт башчы Николай Танаев жетектеп барат. Өкмөттүн маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, Кыргызстандык делегация Афинага шаршемби күнү эртең менен жөнөп кетет. Олимпиада оюндарына Кыргызстандан баш аягы 29 спортсмен катышат. Кыргызстандын улуттук олимпиада комитетинин башчысы Эшим Кутманалиевдин айтымында, олимпиадада биринчиликти алган спортсменге мамлекет башчынын фондунан 50 миң доллар, экинчи орунга 30, үчүнчү орунду алган спортсменге 20 миң доллар акча берилет.

XS
SM
MD
LG