Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:45

ООГАН ШАЙЛООСУ АЛДЫНДАГЫ АБАЛ


Нарын АЙЫП, Прага 9-октябрда Ооганстанда президенттик шайлоо өткөрүлөт, ал эми эмдиги жылдын жаз айларына парламенттик шайлоо да белгиленген. Акыркы мезгилге чейин президенттик шайлоодо азыркы утурумдук президент Хамид Карзай сөзсүз жеңет деп болжолдонгон, бирок соңку апталарда ага күчтүү каршылык көрсөтүлө баштады жана саясий турумун күчтөнтүү үчүн Карзай эми өтө чоң артыкчылык менен жеңиш керек.

Ооганстанда жергиликтүү башчылардын бийлиги күчтүү, алардын кээ бирлери борбордук өкмөткө эмгиче баш ийбейт жана айрым байкоочулардын айтымында, президент Хамид Карзайдын бийлиги Кабул шаарынан ашпайт. Карзай өзү бийликке жергиликтүү башчылардын колдоосу менен келген жана алардын кээ бирлерин өкмөткө мүчө кылууга да аргасыз болгон. Айрым жергиликтүү аскербашылар ошол өкмөт мүчөлөрүнүн таасир алдында гана Карзайга каршы ачык чыкпайт.

Андай күчтүү өкмөт мүчөлөрүнүн бири деп коргоо министри маршал Мохамед Касим Фахим эсептелет жана Карзай аны шайлоодо вице-президенттикке көрсөтөт дет күтүлгөн. Бирок 26-июлда Карзай күтүүсүз жарыя жасап, вице-президенттикке Ооганстандын Маскөөдөгү элчиси Ахмед Зия Масудду көрсөттү, ал атактуу Ахмад Шах Масуддун бир тууганы. Президенттин бул чечимин Америка Кошмо Штаттары да жактырды.

Фахим дароо ага жооп кайтарып, президенттик шайлоодо ал Карзайды колдобостон, мурдагы билим берүү министри Юнус Канунинин талапкерлигин көрсөтө турганын билдирди: "Карзай мырза шайлоого өзү жалгыз чыга турган болсо, мен жана бир нече мужахеддин жетекчилери өзүбүздүн талапкерибизди көрсөтүүнү чечтик. Президенттикке талапкер болсун деп биз Юнус Кануниден талап кылып жатабыз. Мен, тышкы иштер министри Абдулла Абдулла жана өкмөттүн бир нече башка мүчөсү шайлоодо Канунини колдойбуз".

Кануни чындап эле кийин өз талапкерлигин көрсөттү жана анын азыр Карзайга күчтүү атаандаш болоору күтүлүүдө. Анын талапкерлигин Ахмад Шах Масуддун дагы бир бир тууганы - Ахмед Валид Масуд да колдоп чыкты, алардын баары улуту боюнча тажиктер жана кезинде советтик аскерлерге, андан соң талибдерге каршы согушканы менен атактуу.

Аскербашылар жана жергиликтүү жетекчилер азыр ар башка шаарда ар башка жашыруун жыйын өткөрүп, эмне кылуу тактикасын караштырууда. Азырынча бардыгы болуп 23 талапкер көрсөтүлүп, алардын он сегизи катталды, алардын арасында өзбек генералы Абдул Рашид Достум дагы бар. Президенттикке талапкерлигин көрсөткөн Масуда Жалал айымдын айтымында, эгер Карзай мурда күчтүү талапкер болсо, азыр ал күчтүү талапкерлердин бири гана.

Аскербашылар менен жергиликтүү жетекчилердин Карзайды жактырбаганынын дагы бир себеби - анын өкмөтү бардык жергиликтүү аскерлерди куралсыздандыруу саясатын баштаган жана ал жараян быйыл жайында аякташ керек болчу. Аскербашылар ага катуу каршы чыккандыктан, чечим өзгөртүлүп, шайлоого чейин куралдардын 40 пайызы чогултулуп, өкмөткө тапшырылууга тийиш деп жарыяланды. Президенттике талапкер Ахмад Шах Ахмадзайдын айтымында, мындай чечимдер улам өзгөртүлүп турса, мужахеддиндер эч качан куралсыздандырылбайт деп күтсө болот. Азыр өлкөдө 60 миңге жакын өкмөткө түз баш ийбеген аскер бар.

Карзайдын талапкерлигине азыр Кундуз провинциясынан генерал Дауд Хан, Жалалабаддан генерал Хазарат Али, Гераттын башчысы Исмаил Хан каршы чыгууда. Мурдагы президент, тажик Бурхануддин Раббани мурда Карзайды колдоп келген, бирок Фахим тууралуу чечим жарыялангандан бери өз пикирин ачык билдире элек. Анткен менен ал дагы жашыруун сүйлөшүүлөргө катышууда.

XS
SM
MD
LG