Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:07

БИЛИМ, БИЛИМ ЖАНА БИЛИМ


Кийинки кездери билим сапаты тууралуу арбын кеп боло баштады. Жарыбаган маяна үчүн жогорку билимдүү адистердин көбү мектепке барып иштөөнү каалабайт. Бюджет эсебинен билим алгандарды мектепке күчтөп жөнөтүү азырынча жакшы натыйжа бере элек. Мунун натыйжасында орто мектептерде билим берүүнүн сапаты жылдан-жылга начарлоодо. Ошол эле учурда жогорку окуу жайларындагы абал деле алымсынарлык эмес.

Билим системасындагы өксүк проблемаларды биргелешип чечүү ушу тапта абыдан актуалдуу проблемага айланууда. Бул максатта быйыл жыл башында билим берүү кызматкерлеринин конгресси түзүлгөн. Жаңы кыймылдын жетекчиси Жангороз Каныметовдун айтымында, тест сынагы мектеп билиминин сапаты төмөнгө түшүп кеткенин айгинеледи:

- Тестте мектеп окуучуларынын болжол менен 50 – 60% окуу программасын өздөштүрбөгөнү аныкталды. Айрым мектептерде көрсөткүч андан да жогору. Мектептерде окуу китептеринин, мугалимдердин жетишпегендиги, айлык маянанын аздыгы – ушунун баары билим сапатына таасир берет. Экинчиси, жогорку билим. Контракт менен окутуп аткан, жеке жогорку окуу жайларында акча берсе эле баарын кабыл алып атышпайбы. Мына эки жылдан бери бюджеттик гранттарга тесттерди өткөрүп жогорку окуу жайларындагы паракорлукка, алдым-жуттумга бөгөт коюу аракети жасалууда. Бирок, бүгүн да жогорку окуу жайларындагы жайкы, кышкы сынактар жакшырып кетти деп айталбайбыз.

Эки жылдан бери өткөрүлүп келаткан тест сынакта окуучунун мектеп программасына кирген сабак боюнча кайсы бир маалыматты жат билгендиги эсепке алынбайт. Анын өз алдынча ой жүгүртүүсүнө, тигил же бул кубулушту талдай билүүсүнө көңүл бурулат. Улуттук тест сынактын жетекчиси Инна Валькованын ырасташынча:

- Бул тест баланын логикалык ойлоо жөндөмүнө негизделген. Баланын математикалык ойлому, сүйлөө сабактары боюнча ой жүгүртүүсү сындан өтөт. Шарт барына бирдей.

Тест сынактын шарты боюнча шаардык же айылдык, болбосо жалпы же тереңдетилген билим берүүгө ыкташкан мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн ичара бөлүү жок. Цивилизациялуу өлкөлөрдө көнүмүшкө айланган жаңы сынак эки жылдан бери Кыргызстанда да өткөрүлүп келатат. Тест сынак жогорку окуу жайларын каптап алган коррупцияны босогодон сүрүп чыгарды. Бирок да анын тамырын биротоло жоюп таштаган жок, жагымсыз көрүнүш дагыле орун алууда, деп эсептейт профессор Памира Кадырбекова:

- Бул эми мурун деле болуп жүргөн көрүнүш болуш керек. Мына эми азыр да күч алып атат. Эми жаш мугалимдер өздөрүнүн сабагы менен сыймыктанышат экен, менин сабагым мынча турат, менде баа мынча турат деп. Биз акырындап-акырындап ошолор менен күрөшүп атабыз.

Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтунун ректору Абакир Мамытов жогорку билим берүү системасы кредит-саатка өтүп, жаңы усулду астейдил киргизүү аракетин жасап жатканы менен окутуучулардын эмгегин материалдык жагынан колдоо жетишпейт жатат деген пикирде:

- Биз мамлекеттен жогорку окуу жайларын өнүктүрүүгө болгону 113 миллион сом алабыз. Окуу жайлардын абалы жакшы эмес. Эгер окутууга төлөнгөн акчаны үстөк пайызына деп банктарга салсак, банктардын жылдык үстөгү 20% кем эмес, өзүңүздөр ойлоп көрүңүздөр, 600 миллион сомдон канча үстөк пайыз акча аларыбызды. Бул акча мамлекет бөлгөн акчаны эки эсе көбөйтмөк. Алдагыдай акчаны окутуучулардын айлыгын көтөрүүгө, окуу китептерин чыгарууга, илим-изилдөө программаларын каржылоого жумшар элек.

Абакир Мамытов козгогон маселе кыйладан бери айтылып келатат. Аны оңунан чечип берүүнү өкмөт азырынча ойлоно элек. Жайнаган жогорку окуу жайларын ачуу билимдин барк-баасын түшүрүп, жумушсуздардын катарын арбытты. Системанын сандан сапатка өтүшү кечеңдегенден кечеңдеп баратыр. Билим тууралуу жаңы мыйзам, жогорку окуу жайларынын кредит саатка өтүшү системаны ыкчам сапаттык деңгээлге көтөрүп иет деп айтыш деле кыйын.
XS
SM
MD
LG