Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:40

НАЖАФТА КУРАЛДУУ КАСТАШУУ УЛАНУУДА


Ирактын Нажаф шаарында алты күндөн бери америкалык аскерлер менен радикал шийи согушкерлери ортосундагы салгылаштар уланууда. Утурумдук өкмөт козголоңчулардын кыймылы шийилер үстөмдүк кылган башка шаарларга жайылып кетпейби деп чочулап жатат.

Шейшембиде таңга маал байыркы мүрзөлөр жайгашкан Нажафтын борборунда радикал шийилердин "Мехди" армиясы менен америкалык аскерлер ортосунда түнкү уруштун уландысы катары улам бир атышуулар орун алганы кабарланды.

Дүйшөмбүдө кечинде ок атышууну бир күнгө токтотуу сунуш кылынган. Эртеси эртең менен америкалык аскердик унаалардан андай сунуш өтпөй калганын билдирген чакырыктар жаңырып турду. "Тынч чыгып кетиңиздер. Куралдуу топтор менен элдешүү болбой калды. Бардык жашоочуларды Ирактын полициясы жана армиясы менен башка жактарга кетүү боюнча кызматташууга үндөйбүз", - деп жатты араб тилинде АКШлык унаалардан жаңырган үн.

Ирактык радикал шийилердин лидери Моктада ас-Садр дүйшөмбүдө утурумдук өкмөттүн Нажаф шаарын таштап чыгып кетүү талаптарын четке кагып, "кашык каны калганча" согушаарын билдирди. "Мехди" армиясынын өз атын атабаган жоокери "Ройтерстин" кабарчысына аларга бүткүл Европадан агылып келген исламчыл согушкерлер кошулуп жатканын маалымдады.

- Биз Америкалык аскерлер башында турган коалициялык күчтөргө кабарлап койгубуз келет. Биздин жоокерлер бүткүл Европанын ар тарабынан чогулуп жатышат, жакында жараткандын жардамы менен дагы бир топ күч бизге кошулат. Бул жакка Моктада ас-Садрдын согушчандарына кошулуш үчүн келдик, өз максатыбызга жетиш үчүн өмүрүбүздү аябайбыз жана бардык жерлерди бомбалап салуудан кайра тартпайбыз.


Байкоочулар Нажафта токтобой, тескерисинче, улам жайылып бараткан уруштар Ирактын утурумдук премьер-министри Ийад Аллавинин кадырына доо кетирип жатканын айтышат. Эл эң биринчи кезекте жаңы жетекчилерден өлкөдө бейпилдик орнотууну күтөөрүн эскерткен. Дагы бир коркунуч – эгерде Нажафтагы салгылаштардан ал жердеги шийилердин эң ыйык жайы саналган – Имам Алинин күмбөзү зыян тартып талкаланса, Ирактын ар тарабында жашаган шийилер түп көтөрүлө куралдуу козголоң чыгарышы мүмкүн.

Шейшембиде эртең менен Багдаддагы шийилердин району – Садр Ситиде да куралдуу кагылышуулар орун алганы кабарланды. Ирактын саламаттыкты сактоо министрлиги дүйшөмбүдөн тарта уруштарда 10 киши өлүп, 100дөн ашуун адам жарадар болгонун билдирди.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG