Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:25

Грузиянын аскерлери түштүк осетиялык жикчилер менен атышты


Бир нече саатка созулган атышуу Түштүк Осетиянын борбору Цхинвалинин жанында болгон. Грузиялык тараптын маалыматына караганда, андан эч ким жабыр тарткан жок, тараптар алты саат бою ок алмашып турган. Ал эми түштүк осетиялык тараптын билдиргенине караганда, ок атууну озунуп грузин тарап баштаган. Соңку кездери расмий Тбилиси андан иш жүзүндө 1990-жылдан бери көз карандысыз жашаган Түштүк Осетияны өзүнө баш ийдирүүнү убада кылууда. Мунун аралыгында Моквада орус бийликтери менен Түштүк Осетияга жана Абхазияга байланышкан маселерди талкуулоо үчүн Грузиянын коргоо министри Георги Барамидзе жүрөт. Орус коргоо министри Сергей Иванов бүгүн грузин тараптын орусиялык учактар аба-мейкиндигибизди бузуп жатат деген айыптоосун четке какты:

- Орусиянын аскерий учактарынын бири да Грузиянын чек арасын бузган жок. Кайсыл учак бузду, качан, кайсыл жерде, АН-2, же ТУ-160бы деген суроолорго жеткиликтүү жооп жок, болбойт дагы.

Сергей Иванов жогорудагыларды кабарчыларга грузиялык кесиптеши менен жолуккан соң билдирди.

XS
SM
MD
LG