Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:30

ЧЫҢГЫЗ-ХАНДЫН СӨЛӨКӨТҮ, СӨӨЛӨТҮ ЖАНА ИНСАНДЫК КАСИЕТТЕРИ


Атагы ааламды жарган Чыңгыз хан жөнүндө эмнелер гана айтылып, эмнелер жазылбады. Анын мамлекеттик көсөм саясаты, Евразиянын кеңири аймагын басып алган аскердик таланты адабий чыгармалардан тарта, илимий изилдөөлөрдө кеңири чагылдырылгандыгы ырас. Балким, анын Чыңгыз хан аталып эбегейсиз империя курушуна жеке адамдык сапаттары себеп болуп жүрбөсүн?

Темучжин Чыңгыз-хан аталып Монгол мамлекетин башкарганга чейин далай азап-тозокту башынан кечирип, ал түгүл өмүрү кылдын кырында турган учурлар арбын болгон. Кыязы, анын Чыңгыз атка татып, эбегейсиз империя курушуна ириде анын инсандык касиети менен келишкен сөлөкөт, сөөлөтү себеп болгон шекилди. Айтылуу перс тарыхчысы Рашидад-диндин "Жами ат-таварих чыгармасында Чыңгыз хан 1155-жылы жарык дүйнөгө келген деп кабарланса, кытайдын "Юань ши" жазма дарегинде бул дата 1162-жыл деп көрсөтүлөт. Темучжиндин атасы Есугай "хан тукуму" эсептелген Боржигин тегинен чыккан. Демек, Тимучжиндин хандык такты ээлеши мыйзам ченемдүү көрүнүш катары каралаары шексиз. Анткен менен Есугай атасы аны 8 жашында болочок жары Бортеге кудалагандан кийин, татарлар тарабынан ууландырылып өлтүрүлүп, Темучжин атасыз жетим калат. Есугайдын жесири Оэлун беш баланы асыраш үчүн Онон дарыянын боюнда чарк айланып сарымсак терип, өсүмдүктөрдүн тамырын казып өлбөстүн күнүн көрөт. "Ата-эненин көөнү балада болсо, балдардын ою талаада" дегендей, энеси антип тырмалаңдап жүргөн учурда Оэлундун үч уулу, Есугайдын экинчи аялынан туулган аталаш бир туугандары Бектер менен Бельгутайга кас чыгышат. Акыры Темучжин менен Хасар экөөлөп аталаш бир тууганы Бектерди өлтүрүшөт. Кыязы, боз баш Темучжин мындай өткүр мыкаачылык аракети, анын бийлик үчүн эч нерседен кайтпастыгын, керек болсо жакынынын жанын ала тургандыгын башкаларга туйгузган шекилди.

Жазма булак маалыматтарына караганда Темучжиндин сөлөкөт, сөөлөтү кыска бойлуу монголдордон кескин айырмаланган. Анын бою бийик, чачы сары, көздөрү жашыл келип, сөзгө чечен болгон. Темучжин жаштайынан эл менен сүйлөшкөндү мыкты өздөштүрүп, адамдарды арбагандай өзүнө тартып алган. Буга анын сөзмөрлүгүнөн ташкары санжыраны билип, монголдордун каада-салтын так өздөштүрүшү айрыкча көмөк кошкон.

Темучжиндин жан билги сапаттары менен өкүмдарлык касиети жана башка монголдордон айырмаланган сөлөкөт, сөөлөтү аны 1180-жылы, 25 жашында өзүнүн жоро-жолдошторунун арасында хандык такка отургузулуп, Чыңгыз-хан ысмын алышына себеп болгон.
XS
SM
MD
LG