Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:14

ПОЛКОВНИК БАЙГАЗЫ НИЯЗАЛИЕВ МЕНЕН КОШТОШУУ


Ырысбай Абдыраимов, Жалалабад 1999-2000-жылдары Баткен жана Чаткал аймактарына басып кирген террорчулардан өлкөбүздүн аймагын коргоодо Жалалабад обулустук ички иштер башкармасындагы милициянын атайын отряды өзгөчө эмгек сиңирген. Отряддын командири, полковник Байгазы Ниязалиев капысынан көз жумуп, өмүр бою чек ара жана тартип сакчысы болгон колбашчынын сөөгү 11-августта жерге берилди.

Ооганстанда кызмат өтөгөн Байгазы Ниязалиев Тажикстандагы тынчтыкты орнотуу согушуна катышкан. Сузакты сел баскан 98-жылы кыйла адамдын өмүрүн сактаса, 1999-жана 2000-жылдары Өзбекстанга өтүүгө умтулган террорчулардан Ата журтту коргоп, Баткендин Зардалы кыштагында турган. Коштошуу митингинде республиканын башкы чек арачысы Калмурат Садиев баскынчыларды жок кылууда Ниязалиевдин эмгеги зор экенине токтолду:

- 1999-жылы Баткенде, Зардалыда биринчи Байгазы экөөбүз Шудман деген жерде чогу согуштук эле, андан кийин 2000-жылы Чаткалда согуштук. Айтайын дегеним, Байгазы өмүр бою элдин тынчтыгын сактап келген.

Атайын отряд оор жоготууга учураганын мөөнөтүнөн мурда полковник наамына жетип, мыйзамсыздыктар менен келишпеген Ниязалиевди анын шакирти Ашым Жусубалиев төмөнкү ыр саптары менен эскерди:

- Жаш жүрөк 44 жашта токтоп калды.
Жүздөгөн туугандарың жоктоп калды.
Эр жүрөк командирден айрылышып,
Өстүргөн шумкарларың боздоп калды.

Жан кейип ыйласак да таппайбыз да,
Чык эми о,дүйнөнүн бейишине,
Жаш чиркин элесиңди унута албай,
Аргасыздан турабыз бейитинде.

Атайын отряддагыларга атадай мамиле кылган Байгазы, бир да жолу оорудум деп айтчу эмес. Эки күн мурдагы машыгууда күтүүсүздөн жүрөк талмасы кармаган. Ал жөнүндө:

- Кадимкидей эле машыгып жатканбыз. Отуруп тигини-муну жасагыла деп айтып атып эле отуруп калды, баарыбыз жардам бере албай калдык. Машина менен ооруканага алып бардык. Кеч болуп калганын кийин түшүндүк. Бизди дайыма калкалап жүрчү. Биз өзүбүздүн атабыздай көрүп калган кишиден айрылып отурабыз, – деди кесиптеши Муктар Сыдыков.

Гезиттерде Байгазы Ниязалиев башкарган атайын отряддын 2002-2003-жылдагы алты айлык маянасы төлөнбөгөнү нечен жолу жазылды. Өлкөнүн көп сыйына ээ болгон Ниязалиев көзү тирүүсүндөө тиешелүү жерлерге такай билдиргени менен старшина Абдимитал Зулпукаровдун сөзү боюнча эки айлыгы берилген:

- Балдардын талабын талашып жаман көрүнүп жүрүп эки айлыгын алып берди. Азырынча беребиз деп турушат, дагы төрт айы турат, - деди Абдимитал Зулпукаров.

Эр жүрөк полковник менен коштошууга республиканын туш тарабындагы кесиптештери келишип, ага аскердик сый көрсөтүү менен сөөгү Базаркоргон районундагы туулган айлына коюлду.
XS
SM
MD
LG