Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:44

ЖАРАНДЫК КООМ ӨКҮЛДӨРҮ ШАЙЛООЛОРГО БАЙКООЧУЛУК КЫЛУУГА ДАЯРДАНЫШУУДА


Бакыт Аманбаев, Бишкек http://gdb.rferl.org/520B5722-B5DA-486F-B70C-4F4BD786CE0F_w203.jpg Мамлекет башчынын шейшемби күнкү жардыгына ылайык шаардык жана жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо 2004-жылдын 10-октябрында өткөрүлөт. Буга байланыштуу «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалиция жетекчилиги шаршемби күнү маалымат жыйынын өткөрүшүп, жергиликтүү кеңештерге өтүүчү шайлоолорго байкоочулук кыла тургандыгын жарыялашты

“Демократия жана жарандык коом үчүн” бейөкмөт уюмдар коалициясы өзүнө өнөктөш башка бейөкмөт уюмдар менен бирдикте келечекте болуучу шайлоолорго байкоочулук кылуу максатында 10-октябрга чейин өлкөнүн бардык аймактарында бир катар чараларды өткөрүшөт. Аталган коалициясынын президенти Эдил Байсаловдун айтымында, бул максатта бейөкмөт уюмдар шайлоого чейин атуулдарга жергиликтүү кеңештерге өтүүчү шайлоолордун мааниси жана жаңы шайлоо кодексиндеги өзгөчөлүктөр тууралуу түшүндүрмө беришет. Шайлоочулардын укук милдеттери тууралуу кеңири жазылган плакат, китепчелерди бекер таркатышат. Ал эми шайлоо өткөрүлгөн күнү өлкө боюнча эки миңдей байкоочу 140 ашуун айыл өкмөттөрүндө шайлоонун өтүшүнө байкоочулук кылышат. “Мындай иш чаралардын башкы максаты, өлкө жарандарынын шайлоонун адилеттүү өтүшүнө болгон ишенимин көтөрүп, шайлоонун эркин өтүшүнө жетишүү” деп кошумчалады Эдил Байсалов. Мындан сырткары жаңы шайлоо кодексине ылайык шайлоого 25 күн калганда тиешелүү бийлик өкүлдөрү тарабынан шайлоочулардын тизмесин такталат. Тизме менен ар бир каалоочу эркин таанышууга укугу бар. Эдил Байсаловдун айтымында, ал жетектеген бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү бийлик тарабынан түзүлгөн шайлоочулардын тизмесин тактоону текшерүү боюнча да иш чараларды өткөрүшөт. Байкоочулар шайлоочулардын тизмесин кандай текшерише тургандыгы жөнүндө Эдил Байсалов буларга токтолду:

- Эл аралык тажрыйбада шайлоочулардын тизмеси эки түрдүү жол менен текшерилет. Биринчиси, байкоочулар адегенде бийлик түзгөн шайлоочулардын тизмесин алып андан соң ар бир үйдү кыдырып, чында эле ошондой шайлоочу барбы, деп текшеришет. Экинчиси, тескерисинче адегенде байкоочулар шайлоочулардын тизмесин алышып, аны бийлик түзгөн тизме менен салыштырышат.

Ошондой эле маалымат жыйында Эдил Байсалов паспортунда туруктуу жашаган жери көрсөтүлбөгөн атуулдарды шайлоого катыштыруу маселесине өзгөчө токтоло кетти. Анын айтымында бүгүнкү күнү өлкө боюча ара кандай себептер менен үй жайы жок болгондуктан паспортунда туруктуу жашаган жери так көрсөтүлбөгөн орто эсеп менен 350 миңден ашуун адам бар. «Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмунун директорлор кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары Михаил Корсунский буга чейин жогорудагыдай атуулдардын санын тактоо тууралуу бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшкөндүгүн жана аткаруу бийлик өкүлдөрү туруктуу жашаган жери жок адамдардын санын тактоого кызыкдар эмес экендигин кошумчалады. Анын белгилөөсүнө караганда бийлик өкүлдөрү паспортунда туруктуу жашаган жери жок атуулдарды өздөрү каалаган шайлоо участокторунда добуш берүүгө пайдаланышы толук ыктымал:

- Качан биз бийлик өкүлдөрүнөн жогорудагыдай атуулдардын тизмесин тактоо боюнча кандай иш чаралалар жүрүп жактандыгын сураганыбызда эч ким бул ишти тактоого кызыкдар эмес экендигине күбө болдук. Мындай көрүш бизди өзгөчө кооптондурат. Анткени паспортунда туруктуу жашаган жери жок отуз, кырк адамды топтоп, аларга элүү, жүз доллардан берсе алар Бишкекте же башка жерде шайлоого катышып, акча бергендер айткандай добуш бериши ыктымал, - дейт «Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмунун директорлор кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары Михаил Корсунский.

Ал эми аталган коалициясынын башчысы Эдил Байсаловдун айтымында, мындай абалдан чыгуунун бир гана жолу бар. Ал үчүн Грузияда кодонулгандай добуш берердин алдында ар бир шайлоочунун баш бармагына атайын аппарат менен караганда гана жалтырап көрүнө турган суюктук чачып, белги кою ыкмасын Кыргызстандын шайлоо кодексине киргизүү зарыл.

- Ошондо гана паспортунда туруктуу жашаган жери жок атуулдардын бир нече жолу кайталап добуш берүүсүнө бөгөт коюга болот, - дейт Эдил Байсалов.

Көз карандысыз байкоочулардын пикиринде, шайлоочулардын колуна белги кою ыкмасын киргизүү Грузиядагы шайлоодон бери коомчулукта тынбай эле айтылып келет жана кыйла убакыт өтсө да андан кыргыз бийлиги бийлиги эч кандай натыйжа чыгара элек. Ал эми 10-октябрга чейин кандай болгон күндө да мындай ыкманы Кыргызстандын шайлоо кодексине киргизүүгө убакыт жетпейт. Мындай ыкма өлкөнүн келечеген аныктаган парламенттик, президенттик шайлоолорго чейин Кыргызстандын шайлоо кодексине киргизилеби же жокпу аны убакыт көрсөтөт.
XS
SM
MD
LG