Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:56

Бангладештин атуулдары кармалды


Кыргызстанга мыйзамсыз өтүп келишкен Бангладеш мамлекетинин 32 атуулу Чүй облустук коопсуздук кызматы тарабынан кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук кызматынан бүгүн билдиришти. Кармалгандардын билдиргендерине караганда, мыйзамсыз мигранттарды Бангладештеги туристтик агенттик Борборазия мамлекеттери аркылуу Европага жөнөтүп турат. Кыргызстан аркылуу өтүүнү көздөп келген атуулдарды бул жерде макулдашкан адамдар тосуп алып, жасалма документер менен камсыз кылмак. Алар Казакстан аркылуу Орусияга жана Европага өтүп кетүүнү көздөшкөн. Эл аралык мыйзамсыз миграция байланыштарына көлөмдүү суммадагы акча берип, Бишкекке жеткен Бангладештиктер шаардык ички иштер башкармалыгында кармалып турат. Учурда алардын аты-жөнү такталууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG