Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:38

Президент «Жарандык-процессуалдык кодекске» кол койду


БИШКЕК. Президент Аскар Акаев “Кыргыз Республикасынын атуулдук процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана толуктоолор жөнүндөгү” мыйзамга кол койду. Аталган мыйзам жарандык сот иштерин жөнгө салууга, жакшыртууга жана жарандар менен юридикалык тараптардын кызыкчылыктарын коргоого багытталган. Мыйзам соттордун жарандык иштерди кароо тартибин тактайт. Ал “Кыргызстандын Жогорку жана жергиликтүү соттор” жөнүндөгү мыйзамында аныкталган. Кодекстин ишке кириши менен Кыргыз Республикасынын Арбитраждык процессуалдык кодекси жараксызга чыгарылат. Ал эми жарандык-процессуалдык кодекс кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирди.

XS
SM
MD
LG