Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:24

Сокулук райондук соту 13-августта Куловдун арызын карайт


БИШКЕК. 13-августта Сокулук райондук соту «Арнамыс» партиясынын 19-түрмөдө отурган жетекчиси Феликс Куловдун арызын карамай болду. Ал Сокулук райондук сотунда өтөт жана ага Кулов катышат. Бул тууралуу бүгүн жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады. Атын атоону каалабаган булактын айтымында сот 19-түрмөнүн өзүндө өтмөкчү. Бирок, райондук сот бул кайчы маалыматка тактоо киргизген жок.
Феликс Кулов сотко 19-түрмөнүн чечиминин мыйзамдуулугун аныктап берүү суранычы менен кайрылган. Түрмө жетекчилиги Куловду мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу учуру 2005-жылдын ноябрына туура келери тууралуу чечим чыгарып берген. Мындай чечимди саясатчы жана анын тарапкерлери туура эмес деп эсептешип, муну Куловду шайлоо бүткөнгө чейин кармоо максатында жасаган бийликтин аракети катары баалап жатышат. Мунун далили катары алар Куловдун өздүк ишинен аскердик сот 2001-жылы чыгарган өкүмдүн түп нускасы белгисиз себептер менен жоголуп кеткендигин айтышууда.

XS
SM
MD
LG