Пакистандын Исламабад шаарында бүгүн индия-пакистандык сүйлөшүүлөр аяктады. Эки өлкө өкүлдөрү террорчулукка жана баңгичиликке каршы биргелешип күрөшүүнү кеңейтүү тууралуу макулдашты. Өз ара соода боюнча дагы талкуу болду жана Пакистан өкмөтүнүн айтымында, камакка алынган 447 индиялык балыкчы 15-сентябрга чейин бошотулат.