Линктер

бейшемби, 27-апрель, 2017 Бишкек убактысы 00:10

Өзөктүк изилдөөлөр Иранда токтотулбайт


Иранда бүгүн жаңы өндүрүлгөн ракета ийгиликтүү сыналды. Эксперттердин айтымында, ал Израилдин аймагына жана Перс булуңунда жайгашкан америкалык аскерий базаларга жете алат. Андан тышкары, президент Мохамед Хатами бүгүн атайын билдирүү жасап, аскерий эмес өзөктүк изилдөөлөр Иранда токтотулбайт деп билдирди. Америка Кошмо Штаттары болсо Ирандын өзөктүк курал чыгаруу маселесин Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинде карап, өлкөгө каршы эл аралык чектөө киргизүүнү сунуштоодо.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG