Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:48

АКШ коргоо министри Доналд Рамсфелд Ооганстанга келди


АКШ коргоо министри Доналд Рамсфелд бүгүн Ооганстанга учуп келип, президент Хамид Карзай менен жолукту. Анын айтымында, Талибан кыймылынын калдыктары канча аракет кылса дагы, 9-октябрга белгиленген президенттик шайлоо өз мөөнөтүндө өтөт: "Талибан менен ал-Каида чек арада дагы эле аракеттенгенин биз билебиз. Алар Ооганстандын туруктуу өнүккөн мамлекетке айланышына каршы. Алар ооган элине кайрадан бийлик кылып, өлкө аймагын террорчулар машыккан жайга жана аскерий базага айлантууга аракеттенүүдө. Андан эч нерсе чыкпайт". Рамсфелд, андан тышкары, Ооганстандагы америкалык аскерлердин жетекчилери менен дагы жолукту.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG