Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:27

ООГАНСТАНДЫН ПРЕЗИДЕНТИ 18 ТАЛАПКЕРДЕН ТАНДАЛАТ


Ооганстанда 9-октябрда болчу президенттик шайлоого талапкер катары ырасмий түрдө 18 адам, анын ичинде убактылуу өкмөттүн төрагасы Хамид Карзай катталды. Бирок, БУУ-Ооганстан аралык шайлоо комиссиясы менчик черүүсү бар лашкербашчылардын саясый өнөктүккө катышуусуна уруксат берип, өлкөнүн Шайлоо жөнүндөгү мыйзамын бузду деген сын пикирлер айтылууда.

Ооганстандын Шайлоо жөнүндөгү мыйзамы менчик аскер кармаган лашкербашылардын президенттикке ат салышуусуна уруксат бербейт. Бирок, шейшемби күнү Шайлоону өткөрүү боюнча биргелешкен комиссия жарыялаган тизмеге журт тааныган өкмөт башчы Хамид Карзай, Агартуу жана ички иштер министри Юнус Кануни жана өзбек генералы Абурашид Достумга катар кээ бир аймактардын таасирлүү лашкербашылары да кирип калган.

Комиссиянын жетекчиси Заким Шахтын айтышынча, ырасмий органдардан жана жеке инсандардан талапкерлердин айрымдарын адам өлтүрдү, зордук-зомбулук жасады жана жеке аскери бар деп күнөөлөгөн 100дөн ашуун кат түшкөн. Дооматтын көбү Достумга, Карзай вице-президенттикке сунуш кылган Абдул Карим Халилиге, хазар улутундагы Мохаммад Мохадидге коюлган.
Талапкерлердин бири Саид Абдул Нади Дабир шайлоокомду жанынан коркуп лашкербашыларды тизмеге киргизди деп күнөөлөйт:

- Бул тизмеде үч адамдын ысмы жазылган. Генерал Достумда бир нече дивизия аскери бар. Мохаммед Махдидда куралдуу бир нече миң адамы бар. Мырза Канунунин артында миңдеген согушчандары жана бүтүндөй Коргоо министрлиги турат. Сиз анан Шайлоо жөнүндөгү мыйзам аткарылды деп кантип айта аласыз? Мыйзам кайда?

Шайлоокомдун элегинен өтүп кеткен кээ бир кээ бир лашкербашылар жер-жерлерде адамдардын эркин добуш берүүсүнө мүмкүндүк беришпейт деген кооптонуулар көп айтылууда. Ушундан улам, саясый эксперт Андрю Уилдер, өкмөт башчы Хамид Карзай биринчи айлампада жеңип чыгат деген мурдакы оюн өзгөрткөн:

- Шайлоонун адилет өтүүсү азыр абдан маанилүү. Өнөктүк эми башталганда, Карзай көпчүлүк добуш менен утат деп күтүлгөн. Шайлоо анын бийлигин мыйзамдаштырып гана коймок. Анча-мынча мыйзам бузуулар болсо, ага маани берлмек эмес. Бирок, таймаш жакындаган сайын шайлоо өнөктүгү мыйзамсыз жүрүүдө деген пикир күчөдү. Ошондуктан, биз чоң проблемага кабылышыбыз ыктымал.

АКШ колдогон Карзайдын вице-президент болуу сунушун таасирлүү Коргоо министри Мохаммад Фахим четке какканы менен, анын жеңип чыгарына ишеним күчтүү.
М.Фахим жана тышкы иштер министри А.Абдулла панжирлик жердеши Канунини колдошууда. Үчөө тең уюткусун тажиктер түзгөн “Жамияти Ислами” партиясынын мүчөлөрү. Канунини талдоочулар Карзайдын эң олуттуу атаандашы деп санашат. Лекин, жеңип чыгары күмөндүү дешет.

АКШнын Ооганстандагы элчиси Залмай Хализаддын сөзүнө караганда, Фахимдин тажик согушчандары демократиялык жарянды урматтайбыз деп убада кылышкан.
Антсе дагы, саясый карамаршылык жаңжалга айланып кетиши мүмкүн деген кооптонуу жок эмес. Анын үстүнө “Ал-Каида” менен талибдердин калдыктары да шайлоонун тынч өтүүсүнө жол бербесин үзбөй эскертип келишет.

Шаршемби күнү Кабулга бир күндүк сапарга келген АКШнын коргоо министри Д. Рамсфелд ислам согушчулары өлкөнүн демократияга өтүүсүн токтото албасына көңүл буруп, шайлоо ийгиликтүү өтөөрүнө ишенгенин билдирди:

- Мен бүгүн биргелешкен шайлоо комиссиясында болгонумда, өлкөдө эркин жана адилет шайлоону өткөрүүгө жардамдашып жүрүшкөн Улуттар Уюмунун тажрыйбалуу адистери Ооганстанда эркин жана калыс шайлоо өткөрүү аракети ийгиликтүү болоруна бекем ишеничин билдиришти.

Ал тушта НАТО 9-октябрда Ооганстанда өтчү президенттик шайлоонун коопсуздугун камсыздоо үчүн Кабулдагы көп улуттуу күчтөрдүн санын дагы 2 миңге көбөйтүү жөнүндө чечим кабыл алды.

XS
SM
MD
LG