Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:21

ЕККУ АМЕРИКАДАГЫ ШАЙЛООГО БАЙКОО САЛАТ


Учурда АКШда президенттик шайлоо кампаниясы жүрүүдө. Добуш берүү 2-ноябрда болот. Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюму АКШдагы быйылкы президенттик шайлоого байкоо салган жатат. Бирок америкалык аналитиктер ЕККУ миссиясынын маанисин ар түрдүүчө баалашууда.

АКШда мындан мурунку, 2000-жылдагы президенттик шайлоонун тагдыры жалгыз Флорида штатында чечилгени белгилүү. Өлкө жана дүйнө анда добуш берүү аяктагандан кийин да шайлоонун жыйынтыгын төрт аптадан ашуун күтүүгө туура келген. АКШнын Жогорку Соту маселени азыркы президент, республикачыл Жорж Буштун пайдасына чечип, ал Флоридадагы 6 миллион добуштун ичинен атаандашы Аль Горго караганда 537 добуш көп алды деп тапкан. Бирок добуштарыбыз туура эмес жокко чыгарылды деп эсептешкен флоридалык көптөгөн демократтар жеңиштин Жорж Бушка адилетсиз ыйгарылышына нааразы болуп калышкан эле.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун миссиясы болсо АКШга президенттик шайлоо адилет жана адилетсиз өттү деген тыянак чыгаруу үчүн келбейт. Ал добуш берүүнүн жүрүшүнө жөн гана байкоо салып, кандайдыр бир проблемаларды тапса, өз отчетунда камтымакчы.

Аллан Личтман Вашингтондогу Америка университетинин саясий тарых боюнча профессору, ал ЕККУнун миссиясы бир топ проблемаларды табат деген ойдо:

- Биз шайлоого укуктуу ар бир адам добуш берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ экенин жана алардын бюллетени сөзсүз эсептелерин кепилдегидей технологияга, билимге, окутууга жеринде ээ болгудай чекке жете элекпиз.

Профессор Аллан Личтман муну менен добуштарды саноо боюнча сыноодон өтпөгөн компьютердик системаны, эскирип калды делген механикалык добуш берүүнү өлкө шайлоо технологиясы жаатында артта калганынын мисалы ирээтинде айтууда.

Анын эсебинде, маселен 2000-жылкы шайлоодо Флоридадагы добуштардын 3%ы жараксыз деп табылган. Мындан да жаманы ал жердеги кара түстүү калктын добуштарынын 10-12%ы эсептелген эмес. Демек алардын башкы укуктарынын бирине шек келип олтурат.

"Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун Вашингтондогу кабарчысы Эндрю Талли менен болгон маегинде профессор Аллан Личтман 99-жылдан бери президент Буштун иниси губернатор болуп иштеген Флорида штатында байкалган жогорудагы окуяны расизмдин көрүнүшү деп айта албасын белгиледи. Бирок профессордун пикиринде эсептелбей калган добуштар боюнча проблема бар жана ал Флорида менен гана чектелбейт. Андыктан, Аллан Личтман АКШнын шайлоо системасындагы проблемалар ЕККУ уюмунун миссиясынын келишин актайт деп эсептейт.

Ал эми Вашингтондогу Като институтунун вице-президенти Девид Боаз башкача көз карашта. Ал ЕККУ миссиясын кубаттарын, бирок алар кандайдыр бир маанилүү проблема таба албасын айтат:

- Эгер алар биздеги шайлоого байкоо жүргүзүүгө келишсе, андан айрым нерселерди үйрөнүшү мүмкүн. Себеби биздикиндей дээрлик 5000 чакырымга созулган өлкөдө, миңдеген кабиналарда добуш берүү бир күндө дайыма тынч өтүп келген. Ар убак анча-мынча проблемалар болот. Бирок бул жалпысынан дүйнө үчүн үлгү.

Девид Боаздын пикиринде, добуштары техникалык жүйөөдөн улам саналбай калган адамдар ириде өздөрүн күнөөлөшү керек. Себеби жер-жерлерде шайлоо комиссиялары менен маалымат каражаттары добуш берүүчү машиналарды кантип пайдалануу боюнча нускоолорду жетиштүү эле берип жатат. Бирок шайлоочулар жараксыз бюллетендерди таштоону улантууда.

Былтыр Конгресстин Эл өкүлдөр палатасындагы демократтардын13ү 2000-жылдагы шайлоонун сабактарынан улам Улуттар Уюмун быйылкы шайлоого байкоо жүргүзүүгө чакырган. Бирок жалпы палата мындай демилгени колдогон эмес. Ушундан соң демократтар Мамлекеттик департаментке кайрылган эле. Ал ЕККУ уюмун чакырып олтурат. ЕККУ демократия жаңыдан телчигип келе жаткан өлкөлөрдө гана эмес саясий салт калыптанып калган Франция, Испания сыяктуу өлкөлөрдүн шайлоолоруна да байкоо салып жүрөт.

Бул ошондой эле ЕККУнун АКШдагы шайлоону биринчи эле иликтеши болбойт. Ал мындан эки жыл илгери Флорида штатындагы жергиликтүү шайлоого байкоо салган. Андагы отчетунда ЕККУ шайлоонун шарты мурдагыдан жакшырганын, бирок оңдоону талап кылган нерселер бар экенин белгилеген.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG