Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:14

ИРАКТЫН НАЖАФ ШААРЫНДАГЫ АБАЛ


Нарын АЙЫП, Прага Ирактагы америкалык аскерлер Нажаф шаарына чабуулга өтүүгө даярданууда, шаардык мүрзөнүн аймагында жашынган Мехди армиясынын жоокерлери болсо америкалыктарга каршы кашык каны калганча согуша турганын айтууда.

Мехди армиясы деген куралдуу топту имам Муктада ас-Садр түзгөн жана алар америкалык аскерлерге каршы аракеттерди үстүбүздөгү жылдын апрелинде баштаган. Анда дагы негизги салгылашуулар шийи мусулмандарынын ыйык шаары эсептелген Нажафта болгон. Багдаддан түштүк жакта жайгашкан бул калаада имам Али ибн Аби Талибдин күмбөзү бар. Көпкө уланган татаал сүйлөшүүлөрдөн кийин Садр менен америкалык аскерлер ортосунда июнда келишим түзүлгөн, анын шарты боюнча, ок атышуу токтогон, бирок америкалык аскерлер имам Алинин мечити менен күмбөзүнө жана анын айланасындагы мүрзөгө кирбеш керек болчу.

Августтун башында болсо америкалык аскерлер Мехди армиясын - алар мечит менен мүрзөнү аскерий максатта пайдаланып, анын аймагында курал сактоодо деп күнөөлөгөн. Ал эми 5-августта түнүчүн шаардын полиция түйүнүнө чабуул жасалгандан кийин, америкалык аскерлер дагы куралдуу аракеттерге өттү. Алардын айтымында, кагылышуулардын алгачкы күндөрүндө эле үч жүз алтымыштан ашык жоокер өлтүрүлдү, Садрдын өкүлдөрүнүн билдиргени боюнча, анын баары калп. 11-августта америкалык аскерлер шаардын көчөлөрү аркылуу өтүп, бардык карапайым тургундарды Нажафтан чыгып кетүүгө чакырды, анткени жакында чоң чабуул башталат.

1954-жылы түзүлгөн Гаага конвенциясы боюнча, аскерий аракеттер учурунда касташкан тараптар маданий баалуу түзүлүштөргө зыян тийгизбеш керек. Бирок имам Алинин мечити ЮНЕСКОнун тизмесине кирбейт, анткен менен АКШ 2003-жылы Иракка каршы согуш баштаар алдында ЮНЕСКО америкалыктарга өлкөнүн баалуу маданий жерлеринин атайын тизмесин берген жана ал тизмеге бул мечит кошулган.

Ал эми 1999-жылы Гаага конвенциясына киргизилген кошумчага ылайык, эгер согуш учурунда кайсы бир касташкан тарап маданий баалуу аймакты аскерий максатта пайдаланса, экинчи тарап ал аймакка чабуул жасоого укуктуу. Ошондуктан америкалык аскерлер азыр Мехди армиясына каршы толук кандуу чабуулга өтүшү мүмкүн, Садр болсо өз жоокерлерине кайрылып, эгер ал туткунга алынса же өлтүрүлсө дагы, аларды америкалыктарга каршы күрөштү улантууга чакырды.

Анткен менен, эгер америкалык чабуул учурунда имам Алинин мечитине зыян тийсе, Ирактын бүткүл шийи мусулмандары көтөрүлүшү мүмкүн. Ансыз деле акыркы күндөрдө Ирактын түштүгүндөгү шаарларда америкалыктарга жана аларды колдогон Ирактын жаңы өкмөтүнө каршы демонстрациялар болуп өттү жана он экинчи августка караган түнү америкалыктар Кут шаарын бомбалагандан жетимиштен ашык адам курман болду, алардын арасында аялдар жана балдар да бар.

Нажаф шаарынын губернаторунун орун басарларынын бири Жоудат Кадхим болсо 12-августта кызматынан чегинди: "Ыйык шаар Нажафта, журналисттердин алдында мен кызматыман кеткенимди жарыялайм, анткени Нажафтын жана имам Алинин мечитинин бомбаланышы менен башка террордук аракеттерге каршымын. Ошол себептен мен кызматыман чегинем жана оккупациялык күчтөрдун бомбалоолоруна, алардын башка террордук аракеттеринин баарына каршымын!"

Америкалык аскерлердин айтымында, аскерий аракеттер учурунда маданий баалуу жерлерге мүмкүн болушунча азыраак зыян тийет. Алар Садрга кайрылып, куралды таштап, өз жоокерлери менен шаардан чыгып кетүүнү сунуштады, антпегенде имам өлтүрүлөт. Ирактын убактылуу премьер-министри Айад Аллави дагы Садрга кайрылып, эгер ал шаардан чыгып кетпесе, ага каршы катуу чаралар көрүлөөрүн билдирди. Аны менен катар, Аллавиниин айтымында, Нажафтагы тартипти америкалык күчтөр эмес, Ирактын өзүнүн полициясы жана аскери орнотууга тийиш. Садрдын жардамчыларынын бири Шейх Ассад ал-Басринин айтымында, эгер Мехди армиясына каршы Нажафта чабуул башталса, алар Басра шаарына барган мунай куурларын жардырып жиберет.

XS
SM
MD
LG