Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:03

КАРАСУУДАГЫ ЖАҢЫ АЙЫЛ, КУЛОВ БОШТОНДУК СУРООДО, ШАЙЛОО КҮН БЕЛГИЛЕНДИ


Жер көчкүдөн жабыр тарткан Алайдын Кайнама айылынан түзгө көчүп түшкөн айылдыктар үй куруп, суук түшкөнчө башпаанек салуунун камында жүрүшөт. «Арнамыс» партиясынын жолбашчысы Феликс Куловдун боштондук сураган арызы жоопсуз калууда. Мамлекет башчысынын жарлыгы менен жергиликтүү кеңештерге шайлоо күнү белгиленди.

Карасуунун Мады айыл өкмөтүнө караштуу Кызылтал айылында Алай районунун Кайнама айылындагы жер көчкүдөн жабыр тарткандар жаңыдан үй тургузушууда. «Вечерний Бишкек» гезитинин кабарчысы Айбек Хамидовдун «Ортолук жашоо» деген очеркинде үй куруучулардын бир күндүк түйшүгү баяндалган. Таңзаардан кара күүгүмгө чейин тынбай иштеген мээнеткечтер өлкөнүн эгемендик күнүнө чейин ишти аягына чыгаруунун камында жүрүшөт, деп маалымдайт гезит автору.

Тоодон түзгө айласыз көчүп түшкөн элеттиктердин көңүлүн өйүгөн маселе жер болууда. Мады айыл өкмөтүндө дыйкандардын жер үлүшү таратылып берилген. Алайдан келгендердин жер үлүшү болсо тоо арасында калган. Ал жерге жетиш үчүн кеминде100 чакырым жол басыш керек.

Кочкор өрөөнүндөгү тарыхый эстелик жергиликтүү калктын билбестигинен талкаланып жок болуп жатканы Азамат Касыбековдун гезиттин бейшемби күнкү санындагы «Маңкуртчулуктун эстелиги» макаласында баяндалган. Жаңы үй куруп аткан жергиликтүү тургун мыкты курулуш материалы катары эски күмбөздү бузуп, топурагын алган. Эстеликтин ордунда азыр эксковатор казып кеткен чуңкур гана турат, деп маалымдайт Азамат Касыбеков. Илимпоз Кубатбек Табалдиевдин айтымында, тарыхый эстеликтерди талкалап салган учурлар көп эле кездешет. Ошон үчүн археологиялык баалуу эстеликтердин эсеп-чотун алып, аларды катташ зарыл.

Шайлоо жарышына уруксат берилди, деп жазышат бейшембидеги «Общественный рейтинг» гезитинде Б.Марипов менен Ж.Байгуттиев. Бул тынч жол менен өлкөнүн саясий ырайын өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн түзөт. Өлкөнү буга чейин башкарып келгендер ыкчам өзгөрүүлөрдү ыктуу башкара албай калышты. Башка жерлердеги турмушту көрүп көзү ачылган көпчүлүк азыркы бийликтин ички-тышкы саясаттагы алешемдиктерине ичи чыккан жери жок, дейт макала авторлору.

Өлкөдөгү коррупцияга каршы күрөш кандай жүрүп жатканы, миллиондогон кредиттердин максатсыз жок болушуна жооптуу кызматкерлерге каршы кылмыш иши козголбой, убакты-сааты өтүп кетти шылтоосу менен иш жабылып жатканы Геннадий Кузьминдин «Ыңгайлуу шарт түзүп берүү режими» деген макаласында козголот. Жума күнкү «МСН» гезитинде жарыяланып аткан макаласында автор «Жибек жолу» фирмасынын айланасындагы иштерге токтолгон. Жалалабад облусунун мурунку жетекчиси Абдыжапар Тагаев, Каржы министринин мурунку орунбасары Карим Уразбаев, Мамлекеттик мүлк фондунун мурунку жетекчиси Аскар Сарыгуловго каршы козголгон кылмыш ишин Башкы прокуратура жапты. Мамлекеттик аткаминерлердин аракетинде коомго өзгөчө коркунуч туудурчу иштер жок экендиги табылыптыр, деп белгилейт макала автору. Гезитте Кантеңир тоосундагы каркөчкүгө кабылган альпинисттерди сактоого катышкан адамдын пикирин баяндаган Александра Черныхтын материалына да орун берилген.

Жума күнкү «Аалам» гезитинде кандай материалдар жарыяланарын басылманын башкы редактор орунбасары Кенжебек Арыкбаевден уксак:

- Коомдук-саясий окуялар тууралуу «Кыргыз» деген материалыбыз жарыяланып жатат. Укук коргоочу Ырыскелди Момбековдун «Чындыкты тоскон санаа» деген макаласында алдыдагы парламенттик шайлоо тууралуу ойлору чагылдырылган. «Көл сатылабы?» деген темада кыскача маектер жарыяланууда. Анда Жетиөгүз районунун 800 гектир жери кытай ишкерлерине берилиши мүмкүнбү суроосуна берилген жоопторго орун берилди. Кабарчыбыз Элнура Кулуеванын бейөкмөт уюмдар коалициясынын жетекчиси Эдил Байсалов менен аңгемеси да ушул санга басылды. Челнок бизнеси, саясий тымыгуунун коркунучу тууралуу макалалар да жарыяланууда.

Кеп кезеги «Кыргыз руху» гезитинин башкы редактор орунбасары Уулкан Токторалиевада:

- Көлдүк кабарчыбыз Абдыжапар Жакыповдун «Кыргыз демократиясы коркунучтабы?», Арнамыс партиясынын жолбашчысы Феликс Куловду түрмөдөн чыгарбоонун амалдары тууралуу ушул эле партиянын төрага орунбасары Эмил Алиевдин маеги жарыяланды. Окумуштуу Самат Кадыровду эскерген материалдар топтомуна, академик Бүбүйна Орузбаеванын маегине орун берилди.
XS
SM
MD
LG